ГЕОКОСМОСТУК КООПСУЗДУК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОКОСМОСТУК КООПСУЗДУК – ''' Жер шарын, адамзатты | '''ГЕОКОСМОСТУК КООПСУЗДУК – ''' Жер шарын, адамзатты жана биосфераны космостук табигый таасирден (астероид, комета ж.б-дан) жана космостогу антропогендик иш-аракеттен пайда болгон коркунучтан сактоо чараларынын жыйындысы. Биринчи жолу космостук апаат коркунучу жөнүндө космонавтика теориясынын негиздөөчүсү К. Э. Циолковский айтып чыккан. Бирок, бүгүнкү күндө космосту тереӊ өздөштүрүүгө караганда биосфераны жана Жер планетасынын өзүн астероид менен кометалардын түшүүсүнөн сактоо курч маселеге айланууда. Диаметри 2 ''км'' жана андан ашык асман телосунун түшүүсү глобалдык, 0,5–2 ''км''ге чейинкиси региондук, ал эми 0,5 ''км''ден кичинеси – локалдык деӊгээлдеги (Тунгус, 1908; Сихотэ-Алинь, 1947) апаатты жаратышы мүмкүн. Ушундай апаатты пайда кыла алчу миӊдеген астероиддер Жерге жакын учуп жүрөт. Адамзатка жана биосферага коркунуч туудурган мындай асман телолорун ядролук ракеталар менен атуу аркылуу бир нече миӊдеген ''км'' бийиктиктен жок кылууга, ошондой эле астероиддердин учуу орбитасын өзгөртүү ж. б. ыкмалар менен коркунучту азайтууга болот. Астероиддерден сактануу азыркы учурдун маанилүү маселелеринин бири. <br/>''Б. Үсөнканов.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:38, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОКОСМОСТУК КООПСУЗДУК – Жер шарын, адамзатты жана биосфераны космостук табигый таасирден (астероид, комета ж.б-дан) жана космостогу антропогендик иш-аракеттен пайда болгон коркунучтан сактоо чараларынын жыйындысы. Биринчи жолу космостук апаат коркунучу жөнүндө космонавтика теориясынын негиздөөчүсү К. Э. Циолковский айтып чыккан. Бирок, бүгүнкү күндө космосту тереӊ өздөштүрүүгө караганда биосфераны жана Жер планетасынын өзүн астероид менен кометалардын түшүүсүнөн сактоо курч маселеге айланууда. Диаметри 2 км жана андан ашык асман телосунун түшүүсү глобалдык, 0,5–2 кмге чейинкиси региондук, ал эми 0,5 кмден кичинеси – локалдык деӊгээлдеги (Тунгус, 1908; Сихотэ-Алинь, 1947) апаатты жаратышы мүмкүн. Ушундай апаатты пайда кыла алчу миӊдеген астероиддер Жерге жакын учуп жүрөт. Адамзатка жана биосферага коркунуч туудурган мындай асман телолорун ядролук ракеталар менен атуу аркылуу бир нече миӊдеген км бийиктиктен жок кылууга, ошондой эле астероиддердин учуу орбитасын өзгөртүү ж. б. ыкмалар менен коркунучту азайтууга болот. Астероиддерден сактануу азыркы учурдун маанилүү маселелеринин бири.
Б. Үсөнканов.