ГЕЙЗЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГЕ&#769;ЙЗЕР ''' (исландча geysir, geysa – төгүп жиберүү) – мезгил-мезгили м-н ысык суу ж-а буу атылып туруучу кайнар булак. Негизинен аракеттеги жанар тоолуу аймактарда көбүрөөк пайда болот. Ал кесилген кичирээк конус, ар кандай формадагы чуӊкур ж-а жапыз казанбак, чөйчөк сымал ке-<br/>
'''ГЕ&#769;ЙЗЕР ''' (исландча geysir, geysa – төгүп жиберүү) – мезгил-мезгили менен ысык суу жана буу атылып туруучу кайнар булак. Негизинен аракеттеги жанар тоолуу аймактарда көбүрөөк пайда болот. Ал кесилген кичирээк конус, ар кандай формадагы чуӊкур жана жапыз казанбак, чөйчөк сымал ке-<br/>
[[File:ГЕЙЗЕР100.png | thumb | none]]
[[File:ГЕЙЗЕР100.png | thumb | none]]
лип, алардын түбүндө же боорунда майда түтүкчөлөр, көӊдөйчөлөр ж-а жаракалар болот. Чуӊкурга суу толгончо Гейзер тынч абалда жатат. Андан кийин тешиктерден ысык суу, буу күч м-н атылып чыгат, кысым азайганда суу м-н буунун чыгуусу токтоп, кайрадан тынчыйт. Аракет циклинин узактыгы ж-а айрым стадияларынын туруктуулугуна же өзгөрмөлүүлүгүнө жараша болот. Гейзер ү з г ү л т ү к т ү ү ж-а ү з г ү л т ү к с ү з болуп бөлүнөт. Гейзер суусунун атылуусунун узактыгы ондогон минутага, ал эми тынчыган кези бир нече саатка, кээде бир топ күнгө созулат. Гейзердин суусу таза же чала минералдуу, химиялык курамы боюнча хлорид-натрийлүү, хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү келет. Курамында кремнезём көп болсо, суу чыгып жаткан жердин айланасында ''опал'' сыяктуу тоо тек – гейзерит пайда болот. Гейзерден атылып чыккан суу 50 ''м'', буу 150 ''м''ден бийик көтөрүлүп, суунун температурасы 80°–90°ка жетет. Гейзер Россияда (Камчатка), Исландия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Италия, Япония ж-а Кытайда бар. Андан чыккан ысык суу м-н бууну геотермия электр станциясына пайдаланууга болот, үйлөрдү ж-а күнөсканаларды жылытууда, энергетикалык курулмаларда колдонулат.
лип, алардын түбүндө же боорунда майда түтүкчөлөр, көӊдөйчөлөр жана жаракалар болот. Чуӊкурга суу толгончо Гейзер тынч абалда жатат. Андан кийин тешиктерден ысык суу, буу күч менен атылып чыгат, кысым азайганда суу менен буунун чыгуусу токтоп, кайрадан тынчыйт. Аракет циклинин узактыгы жана айрым стадияларынын туруктуулугуна же өзгөрмөлүүлүгүнө жараша болот. Гейзер ү з г ү л т ү к т ү ү жана ү з г ү л т ү к с ү з болуп бөлүнөт. Гейзер суусунун атылуусунун узактыгы ондогон минутага, ал эми тынчыган кези бир нече саатка, кээде бир топ күнгө созулат. Гейзердин суусу таза же чала минералдуу, химиялык курамы боюнча хлорид-натрийлүү, хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү келет. Курамында кремнезём көп болсо, суу чыгып жаткан жердин айланасында ''опал'' сыяктуу тоо тек – гейзерит пайда болот. Гейзерден атылып чыккан суу 50 ''м'', буу 150 ''м''ден бийик көтөрүлүп, суунун температурасы 80°–90°ка жетет. Гейзер Россияда (Камчатка), Исландия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Италия, Япония жана Кытайда бар. Андан чыккан ысык суу менен бууну геотермия электр станциясына пайдаланууга болот, үйлөрдү жана күнөсканаларды жылытууда, энергетикалык курулмаларда колдонулат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:21, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕ́ЙЗЕР (исландча geysir, geysa – төгүп жиберүү) – мезгил-мезгили менен ысык суу жана буу атылып туруучу кайнар булак. Негизинен аракеттеги жанар тоолуу аймактарда көбүрөөк пайда болот. Ал кесилген кичирээк конус, ар кандай формадагы чуӊкур жана жапыз казанбак, чөйчөк сымал ке-

лип, алардын түбүндө же боорунда майда түтүкчөлөр, көӊдөйчөлөр жана жаракалар болот. Чуӊкурга суу толгончо Гейзер тынч абалда жатат. Андан кийин тешиктерден ысык суу, буу күч менен атылып чыгат, кысым азайганда суу менен буунун чыгуусу токтоп, кайрадан тынчыйт. Аракет циклинин узактыгы жана айрым стадияларынын туруктуулугуна же өзгөрмөлүүлүгүнө жараша болот. Гейзер ү з г ү л т ү к т ү ү жана ү з г ү л т ү к с ү з болуп бөлүнөт. Гейзер суусунун атылуусунун узактыгы ондогон минутага, ал эми тынчыган кези бир нече саатка, кээде бир топ күнгө созулат. Гейзердин суусу таза же чала минералдуу, химиялык курамы боюнча хлорид-натрийлүү, хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү келет. Курамында кремнезём көп болсо, суу чыгып жаткан жердин айланасында опал сыяктуу тоо тек – гейзерит пайда болот. Гейзерден атылып чыккан суу 50 м, буу 150 мден бийик көтөрүлүп, суунун температурасы 80°–90°ка жетет. Гейзер Россияда (Камчатка), Исландия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Италия, Япония жана Кытайда бар. Андан чыккан ысык суу менен бууну геотермия электр станциясына пайдаланууга болот, үйлөрдү жана күнөсканаларды жылытууда, энергетикалык курулмаларда колдонулат.