ГАЙАНА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |

| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЙА́НА''' , Г а й а н а К о о п е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан | '''ГАЙА́НА''' , Г а й а н а К о о п е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүк-батышынан Венесуэла, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бразилия, чыгышынан Суринам менен чектешет. Түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 215 миӊ ''км''2. Калкы 786,5 | ||
[[File:ГАЙАНА26.png | thumb | none]] | [[File:ГАЙАНА26.png | thumb | none]] | ||
миӊ (2020). | миӊ (2020). Мамлекеттик тили – англис тили. Борбору – Жоржтаун шаары. Административдик-аймактык жактан 10 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – Гайана доллары. | ||
| 9 сап: | 9 сап: | ||

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү |
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү | ||

Гайана– БУУнун (1966), ЭВФтин (1966), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Америка мамлекеттеринин уюмунун (1991) ж. б-дын мүчөсү.
Гайана – унитардык мамлекет, ''Шериктештиктин'' курамында. Конституциясы 1980-жылы 6-октябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Элдик прогресс партиясы, Элдик улуттук конгресс ж. б.
Өлкөнүн түндүк | Гайана– БУУнун (1966), ЭВФтин (1966), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Америка мамлекеттеринин уюмунун (1991) ж. б-дын мүчөсү.
Гайана – унитардык мамлекет, ''Шериктештиктин'' курамында. Конституциясы 1980-жылы 6-октябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Элдик прогресс партиясы, Элдик улуттук конгресс ж. б.
Өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышын аккумуляциялык саздуу түздүк, борбордук бөлүгүн жана түштүгүн ''Гвиана бөксө тоосу'' ээлесе, борбордук бөлүгүнүн

[[File:ГАЙАНА27.png | thumb | Кайетур шаркыратмасы.]] | [[File:ГАЙАНА27.png | thumb | Кайетур шаркыратмасы.]] | ||
батыш жагы тоолуу (Паурайма кырка тоосу, эӊ бийик жери – Рорайма – 2772 ''м''; Аянганна – 2042 ''м''). Аймагынын басымдуу бөлүгүн нымдуу, дайыма жашыл токой ээлейт. Түндүк-чыгышында | батыш жагы тоолуу (Паурайма кырка тоосу, эӊ бийик жери – Рорайма – 2772 ''м''; Аянганна – 2042 ''м''). Аймагынын басымдуу бөлүгүн нымдуу, дайыма жашыл токой ээлейт. Түндүк-чыгышында жана түштүк-батышында саванна кездешет. Климаты субэкватордук, ысык жана нымдуу. Айлык орточо температурасы 26°Сден 28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 2000–2500 ''мм''. Ири дарыялары: Эссекибо, Демерара, Бербис ж-а Корантайн. Потаро дарыясында Кайетур шаркыратмасы (бийиктиги 225 ''м'') бар. Жаныбарлар дүйнөсү ар кыл; токойлорун ягуар, пума, маймыл; саванна: антилопа, чопкутчандар мекендейт. Гайанада коргоого алынган 3 табигый аймак (аянты 486 миӊ ''га'') бар; анын ичинен Кайетур улуттук паркы уюшулган.
Калкынын 99%ин гайаналыктар (африкалык гайаналыктар) түзөт. Ошондой эле индейлер, негрлер, метистер да жашайт. Протестант, католик, ислам (мусулман сунниттер), индуизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 3,6 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 63, аялдарыныкы – 68,3 жаш. Шаар калкы 38,5%. Ири шаарлары: Жоржтаун, Линден, Нью-Амстердам, Корривертон.
Байыркы мезгилдерден Гайананын аймагын индей уруулары (карибдер) жердеген. Алардын аз сандагы тукумдары азыркы күндө Гайананын түштүгүндөгү токойлордо жашашат. 16-кылымдын аягында Гайананын азыркы аймагын голландиялыктар, 1814-жылы Улуу Британия басып алып колонияга айландырган (1831-жылдан Британ Гвианасы). 1834-жылы өлкөдө кулчулук жоюлган. 1928-жылы Британ Гвианасында Конституция киргизилип, Мыйзам чыгаруу Кеӊеши түзүлгөн. 20-кылымда өзгөчө экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, Британ Гвианасына америкалык жана канадалык капитал кеӊири кирген. Согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылын жетектеген саясий партиялар Улуу Британия өкмөтүнөн көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1953-жылы Британ Гвианасынын жаӊы конституциясы кабыл алынган жана жергиликтүү өкмөт түзүлгөн.

[[File:ГАЙАНА28.png | thumb | none]] | [[File:ГАЙАНА28.png | thumb | none]] | ||
1966-жылы Британ Гвианасы көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, Гайана деп аталган. 1970-жылдан Гайана Кооперация Республикасы. 20-кылымдын 80-жылдары Гайана «кооперациялык социализмди» курууга багыт алган. 1985-жылы президент болуп шайланган Х. Д. Хойт менчиктештирүүнү баштаган. 1992-жылы президентикке Ч. Б. Жаган шайланган. 2001, 2004-жылдары президент шайлоодо Б. Жагдео жеӊип чыккан. Учурда өлкөдө ЭВФ тарабынан иштелип чыккан экономикалык реформалар программасы жүзөгө ашырылууда.
Экономикасынын негизин – айыл чарбасы | 1966-жылы Британ Гвианасы көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, Гайана деп аталган. 1970-жылдан Гайана Кооперация Республикасы. 20-кылымдын 80-жылдары Гайана «кооперациялык социализмди» курууга багыт алган. 1985-жылы президент болуп шайланган Х. Д. Хойт менчиктештирүүнү баштаган. 1992-жылы президентикке Ч. Б. Жаган шайланган. 2001, 2004-жылдары президент шайлоодо Б. Жагдео жеӊип чыккан. Учурда өлкөдө ЭВФ тарабынан иштелип чыккан экономикалык реформалар программасы жүзөгө ашырылууда.
Экономикасынын негизин – айыл чарбасы жана тоо-кен казуу (боксит) түзөт. ИДПнин көлөмү 3 млрд

[[File:ГАЙАНА29.png | thumb | Жоржтаун деӊиз порту.]] | [[File:ГАЙАНА29.png | thumb | Жоржтаун деӊиз порту.]] | ||
доллар (АКШ). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3900 доллардан (2005) туура келет. ИДПдеги айыл, токой | доллар (АКШ). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3900 доллардан (2005) туура келет. ИДПдеги айыл, токой жана балык чарбаларынын үлүшү 36,8%, тейлөө чөйрөсүнүкү 43%, өнөр жайыныкы 20,2%. Аймагынын 4% гана иштетилет. Калган бөлүгүн жайыт, чабынды (15%), токой (8%) ээлейт. Бал камыш, шалы, кокос жаӊгагы (2005-ж. 6 миӊ т жыйналган), кофе, какао, цитрус өсүмдүктөрү, копра, ананас, сизаль, тамеки, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Кен байлыктарынан алтын, алмаз, жез, марганец, темир кени казылып алынат. 2005-жылы 782 млн ''кВт . с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыгач даярдалат. Креветка, балык, омар кармалат. Иштетүүчү өнөр жайы начар өнүккөн, негизинен чарбасы айыл чарба продуктуларын даярдоого адистешкен. Глинозём, кант, ром, тамеки өндүрүшү иштейт. Темир жолунун узундугу 187 ''км'', автомобилдики 8 миӊ ''км'' (анын ичинен 590 ''км'' асфальтталган; 2005). Деӊиз соода флотунун тоннажы 13,5 миӊ т дедвейт. Сыртка кант, боксит, алюминий, күрүч, алтын, ром, токой материалдары, деӊиз продуктулары чыгарылат. Сырттан минералдык отун, майлоочу материалдар, машина жана анын жабдууларын, өнөр жай жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго, Италия, Франция, Япония, Бельгия, Португалия.
Билим берүүсү 6 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө киргизилген, бирок акы төлөп окушат. Өлкөдө жогорку окуу жайлар, илимий-изилдөө институттары, музейлер, улуттук китепкана, медициналык илимий китепкана жана башкалар бар. 2005-жылы 37 гезит жана журналдар чыккан. Радио уктуруусу 1950-жылдан баштап иштейт. Бир нече радиостанциялары жана телеберүүлөрү бар. Адабияты англис тилинде. Архитектурасында жергиликтүү чеберлердин чыгармалары сакталган.

[[File:ГАЙАНА30.png | thumb | Гайана акчасы.]] | [[File:ГАЙАНА30.png | thumb | Гайана акчасы.]] | ||
Ад.: Гайана: выбор пути. М., 1989; Гайана // Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006. | Ад.: Гайана: выбор пути. М., 1989; Гайана // Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:19, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ГАЙА́НА , Г а й а н а К о о п е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүк-батышынан Венесуэла, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бразилия, чыгышынан Суринам менен чектешет. Түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 215 миӊ км2. Калкы 786,5

миӊ (2020). Мамлекеттик тили – англис тили. Борбору – Жоржтаун шаары. Административдик-аймактык жактан 10 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – Гайана доллары.
Таблица бар.
Гайана– БУУнун (1966), ЭВФтин (1966), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Америка мамлекеттеринин уюмунун (1991) ж. б-дын мүчөсү.
Гайана – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында. Конституциясы 1980-жылы 6-октябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Элдик прогресс партиясы, Элдик улуттук конгресс ж. б.
Өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышын аккумуляциялык саздуу түздүк, борбордук бөлүгүн жана түштүгүн Гвиана бөксө тоосу ээлесе, борбордук бөлүгүнүн

батыш жагы тоолуу (Паурайма кырка тоосу, эӊ бийик жери – Рорайма – 2772 м; Аянганна – 2042 м). Аймагынын басымдуу бөлүгүн нымдуу, дайыма жашыл токой ээлейт. Түндүк-чыгышында жана түштүк-батышында саванна кездешет. Климаты субэкватордук, ысык жана нымдуу. Айлык орточо температурасы 26°Сден 28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 2000–2500 мм. Ири дарыялары: Эссекибо, Демерара, Бербис ж-а Корантайн. Потаро дарыясында Кайетур шаркыратмасы (бийиктиги 225 м) бар. Жаныбарлар дүйнөсү ар кыл; токойлорун ягуар, пума, маймыл; саванна: антилопа, чопкутчандар мекендейт. Гайанада коргоого алынган 3 табигый аймак (аянты 486 миӊ га) бар; анын ичинен Кайетур улуттук паркы уюшулган.
Калкынын 99%ин гайаналыктар (африкалык гайаналыктар) түзөт. Ошондой эле индейлер, негрлер, метистер да жашайт. Протестант, католик, ислам (мусулман сунниттер), индуизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 3,6 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 63, аялдарыныкы – 68,3 жаш. Шаар калкы 38,5%. Ири шаарлары: Жоржтаун, Линден, Нью-Амстердам, Корривертон.
Байыркы мезгилдерден Гайананын аймагын индей уруулары (карибдер) жердеген. Алардын аз сандагы тукумдары азыркы күндө Гайананын түштүгүндөгү токойлордо жашашат. 16-кылымдын аягында Гайананын азыркы аймагын голландиялыктар, 1814-жылы Улуу Британия басып алып колонияга айландырган (1831-жылдан Британ Гвианасы). 1834-жылы өлкөдө кулчулук жоюлган. 1928-жылы Британ Гвианасында Конституция киргизилип, Мыйзам чыгаруу Кеӊеши түзүлгөн. 20-кылымда өзгөчө экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, Британ Гвианасына америкалык жана канадалык капитал кеӊири кирген. Согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылын жетектеген саясий партиялар Улуу Британия өкмөтүнөн көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1953-жылы Британ Гвианасынын жаӊы конституциясы кабыл алынган жана жергиликтүү өкмөт түзүлгөн.

1966-жылы Британ Гвианасы көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, Гайана деп аталган. 1970-жылдан Гайана Кооперация Республикасы. 20-кылымдын 80-жылдары Гайана «кооперациялык социализмди» курууга багыт алган. 1985-жылы президент болуп шайланган Х. Д. Хойт менчиктештирүүнү баштаган. 1992-жылы президентикке Ч. Б. Жаган шайланган. 2001, 2004-жылдары президент шайлоодо Б. Жагдео жеӊип чыккан. Учурда өлкөдө ЭВФ тарабынан иштелип чыккан экономикалык реформалар программасы жүзөгө ашырылууда.
Экономикасынын негизин – айыл чарбасы жана тоо-кен казуу (боксит) түзөт. ИДПнин көлөмү 3 млрд

доллар (АКШ). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3900 доллардан (2005) туура келет. ИДПдеги айыл, токой жана балык чарбаларынын үлүшү 36,8%, тейлөө чөйрөсүнүкү 43%, өнөр жайыныкы 20,2%. Аймагынын 4% гана иштетилет. Калган бөлүгүн жайыт, чабынды (15%), токой (8%) ээлейт. Бал камыш, шалы, кокос жаӊгагы (2005-ж. 6 миӊ т жыйналган), кофе, какао, цитрус өсүмдүктөрү, копра, ананас, сизаль, тамеки, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Кен байлыктарынан алтын, алмаз, жез, марганец, темир кени казылып алынат. 2005-жылы 782 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыгач даярдалат. Креветка, балык, омар кармалат. Иштетүүчү өнөр жайы начар өнүккөн, негизинен чарбасы айыл чарба продуктуларын даярдоого адистешкен. Глинозём, кант, ром, тамеки өндүрүшү иштейт. Темир жолунун узундугу 187 км, автомобилдики 8 миӊ км (анын ичинен 590 км асфальтталган; 2005). Деӊиз соода флотунун тоннажы 13,5 миӊ т дедвейт. Сыртка кант, боксит, алюминий, күрүч, алтын, ром, токой материалдары, деӊиз продуктулары чыгарылат. Сырттан минералдык отун, майлоочу материалдар, машина жана анын жабдууларын, өнөр жай жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго, Италия, Франция, Япония, Бельгия, Португалия.
Билим берүүсү 6 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө киргизилген, бирок акы төлөп окушат. Өлкөдө жогорку окуу жайлар, илимий-изилдөө институттары, музейлер, улуттук китепкана, медициналык илимий китепкана жана башкалар бар. 2005-жылы 37 гезит жана журналдар чыккан. Радио уктуруусу 1950-жылдан баштап иштейт. Бир нече радиостанциялары жана телеберүүлөрү бар. Адабияты англис тилинде. Архитектурасында жергиликтүү чеберлердин чыгармалары сакталган.

Ад.: Гайана: выбор пути. М., 1989; Гайана // Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.