БОЛИВИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' БОЛИВИЯЛЫКТАР''' (өздөрүн б о л и в и а н о с деп аташат) – Боливия | '''БОЛИВИЯЛЫКТАР ''' (өздөрүн б о л и в и а н о с деп аташат) – Боливия Республикасынын негизги калкы. Аргентина жана башка өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 3200 миң (2019) киши, анын ичинен Боливияда 3 млн, Аргентинада 150 миӊ. Испан тилинде сүйлөшөт. Дини – католик, ошондой эле протестанттар да бар. Боливиялыктардын этностук негизин испан – индей метистери (чоло) менен бара-бара ассимиляцияланып бара жаткан индейлер (каничана, каювава жана башка) түзөт. 1952-жылдагы революция (агрардык реформа, кен чыга турган жерди улутташтыруу, индейлерге теӊ укуктарды берүү жана башкалар) Боливиялыктардын улуттук консолидацияланышына түрткү берди. Агрардык реформадан кийин община, айыл чарба кооперативдери, өнөр жайлардын өнүгүшү активдештирилди. Боливиялыктар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышат. Чолонун көбү соодагер, майда кызматчы жана адис жумушчулар. Тамак-ашы негизинен кофе, пуна (картошка, буудай, жүгөрү) жана эт азыктары.<br/> | ||
3 млн, Аргентинада 150 миӊ. Испан тилинде | [[File:БОЛИВИЯЛЫКТАР68.png | thumb | none]] | ||
сүйлөшөт. Дини – католик, | [[Category: 2-том]] | ||
индейлер (каничана, | |||
04:39, 2 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БОЛИВИЯЛЫКТАР (өздөрүн б о л и в и а н о с деп аташат) – Боливия Республикасынын негизги калкы. Аргентина жана башка өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 3200 миң (2019) киши, анын ичинен Боливияда 3 млн, Аргентинада 150 миӊ. Испан тилинде сүйлөшөт. Дини – католик, ошондой эле протестанттар да бар. Боливиялыктардын этностук негизин испан – индей метистери (чоло) менен бара-бара ассимиляцияланып бара жаткан индейлер (каничана, каювава жана башка) түзөт. 1952-жылдагы революция (агрардык реформа, кен чыга турган жерди улутташтыруу, индейлерге теӊ укуктарды берүү жана башкалар) Боливиялыктардын улуттук консолидацияланышына түрткү берди. Агрардык реформадан кийин община, айыл чарба кооперативдери, өнөр жайлардын өнүгүшү активдештирилди. Боливиялыктар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышат. Чолонун көбү соодагер, майда кызматчы жана адис жумушчулар. Тамак-ашы негизинен кофе, пуна (картошка, буудай, жүгөрү) жана эт азыктары.
