КОРРЕЛЯЦИЯ (илим мене техникага байланышкан термин): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОРРЕЛЯЦИЯ 1 to КОРРЕЛЯЦИЯ (илим мене техникага байланышкан термин)) |
(Айырма жок)
| |
05:04, 29 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРРЕЛЯ́ЦИЯ (лат. correlation – өз ара-катыш) – илим м-н техниканын түрдүү тармагында түшүнүктөр, предметтер ж-а функциялардын катышын, туура келүүчүлүгүн, көз карандылыгын белгилөөдө колдонулуучу термин. М а т е м а т и к а л ы к с т а т и с т и к а д а – так функциялык мүнөзгө ээ эмес чоңдуктар (башкача айтканда кокус чоңдуктар) ортосундагы ыктымалдык (статистикалык) көз карандылык. Корреляция функциялык көз карандылыктан айырмаланып, чоңдуктардын бири экинчисине гана көз каранды болбостон, бир катар кокус себепке да көз каранды учурда каралат.