КАДЫРБЕК Камчыбек уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Турганбаев Элебай moved page КАДЫРБЕК to КАДЫРБЕК Камчыбек уулу)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАДЫРБЕК</b> '''Камчыбек уулу''' (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы – 1937, өлгөн жери белгисиз) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. Орус падышачылыгы тарабынан өлүм жазасына тар&shy;тылган Камчыбектин (<i>Курманжан датканын</i> уулу) баласы. 1918–20-жылдарда Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы. 1921–23-жылдарда Гүлчө ыктыяр&shy;дуу  милиция кошуунунун командири болуп, Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылар м-н күрөш жүргүзгөн. Басыз уруу&shy;сунун мурдагы төбөлү Жаныбек казы м-н тынч&shy;тык келишимин түзүүгө ж-а Мойдун корбашы&shy;ны колго түшүрүүгө катышкан (1922-жыл, июль). 1923-жылы июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобун талкалаган соң, Кадырбек жетектеген кошуун таркатылган. 1927-жылы апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаны&shy;бек казынын басмачыларын талкалоого катыш&shy;кан. Каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз орде&shy;ни м-н сыйланган.
'''КАДЫРБЕК''' Камчыбек уулу [1876 (айрым маалыматтарда 1882), [[Россия империясы]], Фергана облусу, [[Ош]] уезди, Алай-Гүлчө болуштугу, [[Жошолу айылы]] 01. 11. 1937, өлгөн жери белгисиз) – [[Түштүк Кыргызстан]]да Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. Орус падышачылыгы тарабынан өлүм жазасына тар­тылган [[Курманжан датка]]нын уулу Камчыбектин баласы. 1918–1921-жылдары Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы. 1921-жылдан большевиктер (коммунисттик) партиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынып, Ош уезддик IV саясий конференциясына (1922-жыл, январь) делегат болуп катышкан. 1921–1923-жылдарда [[Гүлчө]]дө түзүлгөн ыктыяр­дуу милиция кошуунунун командири болуп, Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылар мененн күрөш жүргүзгөн. 1922-жылы, июль айында басыз уруу­сунун мурдагы билерманы Жаныбек казы менен тынч­тык келишимин түзүп, Мойдун корбашы­ны колго түшүрүүгө катышкан. 1923-жылы июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобу талкаланган соң, Кадырбек жетектеген кошуун таркатылган. Бирок басмачылык кыймылы токтобой, 1927-жылы Түштүк Кыргызстанда курамына [[Өзбек ССР]] БАКнын төрагасы Ю. Ахунбабаев, [[Кыргыз АССР]] БАКнын төрагасы А. [[Орозбеков]], ошондой эле Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу ж.б. кирген басмачылык кыймылына каршы күрөшүү боюнча Борбордук комиссия түзүлгөн. Ага Ош кантонундагы баштапкы советтик апппаратты чыңдоо жана контрреволюциялык кыймылдарга каршы күрөшүү милдети тагылган. Комиссиянын чечимине ылайык төрт отряддан турган Кара-Кыргыз атчандар полку түзүлүп, Кадырбек Камчыбек уулу Гүлчө багытындагы отрядды жетектеген. 1927-жылы апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаны­бек казынын басмачыларын талкалоого катыш­кан. Каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз орде­ни менен сыйланган.1937-жылы 21-августта Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу «антисоветтик ишмердүүлүк» жүргүзгөн деген жалаа менен «эл душманы» деп табылып, экөө тең ошол эле жылы 1-ноябрда атылган. Экөө бирдей 1957-жылы 22-январда Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.
 
Ад.: Кунин А.И. Под алым стягом октября. Ф., 1985; Абдрахманов Б. Дж. Из истории вооруженных сил Кыргызстана (Особенности формирования и деятельность. 1918-1945 гг.) Б., 2023; Жаркынбаев Т. Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918-1924 гг.) Архивные документы, материалы, фотографии и комментарий. Ош, 2024.  
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:07, 15 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы

КАДЫРБЕК Камчыбек уулу [1876 (айрым маалыматтарда 1882), Россия империясы, Фергана облусу, Ош уезди, Алай-Гүлчө болуштугу, Жошолу айылы – 01. 11. 1937, өлгөн жери белгисиз) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. Орус падышачылыгы тарабынан өлүм жазасына тар­тылган Курманжан датканын уулу Камчыбектин баласы. 1918–1921-жылдары Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы. 1921-жылдан большевиктер (коммунисттик) партиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынып, Ош уезддик IV саясий конференциясына (1922-жыл, январь) делегат болуп катышкан. 1921–1923-жылдарда Гүлчөдө түзүлгөн ыктыяр­дуу милиция кошуунунун командири болуп, Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылар мененн күрөш жүргүзгөн. 1922-жылы, июль айында басыз уруу­сунун мурдагы билерманы Жаныбек казы менен тынч­тык келишимин түзүп, Мойдун корбашы­ны колго түшүрүүгө катышкан. 1923-жылы июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобу талкаланган соң, Кадырбек жетектеген кошуун таркатылган. Бирок басмачылык кыймылы токтобой, 1927-жылы Түштүк Кыргызстанда курамына Өзбек ССР БАКнын төрагасы Ю. Ахунбабаев, Кыргыз АССР БАКнын төрагасы А. Орозбеков, ошондой эле Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу ж.б. кирген басмачылык кыймылына каршы күрөшүү боюнча Борбордук комиссия түзүлгөн. Ага Ош кантонундагы баштапкы советтик апппаратты чыңдоо жана контрреволюциялык кыймылдарга каршы күрөшүү милдети тагылган. Комиссиянын чечимине ылайык төрт отряддан турган Кара-Кыргыз атчандар полку түзүлүп, Кадырбек Камчыбек уулу Гүлчө багытындагы отрядды жетектеген. 1927-жылы апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаны­бек казынын басмачыларын талкалоого катыш­кан. Каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз орде­ни менен сыйланган.1937-жылы 21-августта Кадырбек Камчыбек уулу менен Жамшитбек Карабек уулу «антисоветтик ишмердүүлүк» жүргүзгөн деген жалаа менен «эл душманы» деп табылып, экөө тең ошол эле жылы 1-ноябрда атылган. Экөө бирдей 1957-жылы 22-январда Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.

Ад.: Кунин А.И. Под алым стягом октября. Ф., 1985; Абдрахманов Б. Дж. Из истории вооруженных сил Кыргызстана (Особенности формирования и деятельность. 1918-1945 гг.) Б., 2023; Жаркынбаев Т. Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918-1924 гг.) Архивные документы, материалы, фотографии и комментарий. Ош, 2024.