ИСАНОВ Насирдин: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Турганбаев Элебай moved page ИСАНОВ to ИСАНОВ Насирдин) |
(Айырма жок)
| |
09:07, 14 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ИСАНОВ Насирдин [07. 11. 1943, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Ленин (азыркы Ноокен) району, Көк-Бел айылы – 29. 11. 1991, Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары, сөөгү Бишкекке коюлган] – коомдук-мамлекеттик ишмер. Москва шаарындагы

инженердик-курулуш институтун (1965), Алматы жогорку партиялык мектебин (1975) бүтүргөн. Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–1961), «Ош шаар курулуш» трестинде прораб, башкы инженер (1965–70), Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүндө инструктор (1970–1974), «Нарын суу энергия курулуш» башкармасында парткомдун секретары (1974–1976). Кыргызстан КП БКнын шаардык чарба жана курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы (1976), Кыргыз ССРинин мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары (1983–1986), Кыргыз ССРинин курулуш министри (1986–88), Ысык-Көл облустук советинин аткаруу комитетинин төрагасы (1988–1990), Кыргыз Республиккасынын вице-президенти (1990–1991), Премьер-министри (1991). СССР инженердик академиясынын академиги (1991). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1980, 1985, 1990). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Премьер-министри катары анын экономикасын кайра жөнгө салууда чоң салым кошкон. Бишкек шаарынын бир көчөсүнө, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетине (КМКТАУ) ысмы ыйгарылып, Эркиндик бульварына эстелиги орнотулган.