БОБУЛОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (8 intermediate revisions by 6 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОБУЛОВ ''' Камбаралы (15. | '''БОБУЛОВ''' Камбаралы (15.05.1936, Ош облусу, Ноокат району, Өсөр кыштагы – 25.01.2003, Бишкек) – бе<font color='green'>л</font>гилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коо<font color='green'>м</font>дук ишмер, КРдин маданиятка эмгек сиӊирген ишмер (1993). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1957–1962-жылдары «Ала-Тоо» журналында ад<font color='green'>а</font>бий кызматкер, 1963–1965-жылдар «Правда» гезитинин атайын кабарчысы, 1966–1976-жылдар «Кыргызстан пи<font color='green'>о</font>нери» гезитинин башкы редактору, 1976–1984-жылдар Бүткүл союздук авторлордун укугун коргоо агентчилигинин (ВААПтын) Кыргыз Республикасы боюнча бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Файл:Изображение 2024-06-20 153005723.png|alt=Бобулов Камбаралы|left|thumb|Бобулов Камбаралы]] КРдин Жогорку Кеӊешинин депутаты (1990), «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы (1992–2003) болгон. Депутат катары анын кыргыз тилинин айрым маселелерин чечүүдө жанүрөп иштеге<font color='green'>н</font>дигин жалпы эл колдоого алган. Бобуловдун кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. «Окуучунун каты» (А. Токомбаевге ачык кат, 1956), «Оморчулук деген эмне?» (1957), «Азыркы адабий сын жөнүндө пикирлер» (1958), «Махабат баяны» (1959), «Адабий турмуш о<font color="green">й</font>лору» (1965), «Кыргыз прозасындагы реализ<font color="green">м</font>ди өнүктүрүү жолдору» (1969), «Адабият жана мезгил» (1973), «Сын жана адабий процесс» (1976), «Фольклор жана адабият» (1980), «Жаӊы тилке» (1991) аттуу сын макалалары жана жы<font color="green">й</font>нактары жарыяланган. Бул эмгектеринде кы<font color="green">р</font>гыз адабиятынын тарыхы менен кийинки абалынын ар түрдүү маселелери, башка улуттук адабияттар менен карым-катыштары каралган. Бобулов 1969-жылы Орто Азия республикаларынын адабий сынчыларынын арасынан биринчи болуп Эл аралык сынчылардын б<font color="green">и</font>рикмесинин (МАЛК) мүчөсү болуп шайланган. Ч. Айтматовдун, Т. Сыдыкбековдун, А. Осм<font color="green">о</font>новдун, Токтогулдун чыгармалары жөнүндө сын м<font color="green">а</font>калалары кыргыз жана орус тилдеринде жары<font color="green">я</font>ланган жана айрымдары араб, болгар, грузин ти<font color="green">л</font>дерине которулган. Жазуучунун «Эркинбек» (1963), «Түштүк кызы» (1962) аттуу аӊгеме, п<font color="green">о</font>весттеринде элет турмушу, андагы карапайым адамдардын тиричилиги, өз ара мамилелери, ба<font color="green">л</font>дардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты сүрөттөлөт. Анын по<font color="green">э</font>тикалык жыйнактары («Махабат аралы», 1971; «Таӊ шоокуму», 1977; «Акын кыялы», 1985; «Арман китеп», 1997) жарык көргөн. Ал Хафи<font color="green">з</font>дин казалдарын, грузин акыны А. Чавчавадз<font color="green">е</font>нин, каракалпак акыны Бердахтын лирикал<font color="green">а</font>рын кыргыз тилине которгон. Б. Даӊк медалы менен сыйланган (1996). | ||
[[Category: 2-том ]] | |||
11:36, 13 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
БОБУЛОВ Камбаралы (15.05.1936, Ош облусу, Ноокат району, Өсөр кыштагы – 25.01.2003, Бишкек) – белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер, КРдин маданиятка эмгек сиӊирген ишмер (1993). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1957–1962-жылдары «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1963–1965-жылдар «Правда» гезитинин атайын кабарчысы, 1966–1976-жылдар «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1976–1984-жылдар Бүткүл союздук авторлордун укугун коргоо агентчилигинин (ВААПтын) Кыргыз Республикасы боюнча бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген.

КРдин Жогорку Кеӊешинин депутаты (1990), «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы (1992–2003) болгон. Депутат катары анын кыргыз тилинин айрым маселелерин чечүүдө жанүрөп иштегендигин жалпы эл колдоого алган. Бобуловдун кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. «Окуучунун каты» (А. Токомбаевге ачык кат, 1956), «Оморчулук деген эмне?» (1957), «Азыркы адабий сын жөнүндө пикирлер» (1958), «Махабат баяны» (1959), «Адабий турмуш ойлору» (1965), «Кыргыз прозасындагы реализмди өнүктүрүү жолдору» (1969), «Адабият жана мезгил» (1973), «Сын жана адабий процесс» (1976), «Фольклор жана адабият» (1980), «Жаӊы тилке» (1991) аттуу сын макалалары жана жыйнактары жарыяланган. Бул эмгектеринде кыргыз адабиятынын тарыхы менен кийинки абалынын ар түрдүү маселелери, башка улуттук адабияттар менен карым-катыштары каралган. Бобулов 1969-жылы Орто Азия республикаларынын адабий сынчыларынын арасынан биринчи болуп Эл аралык сынчылардын бирикмесинин (МАЛК) мүчөсү болуп шайланган. Ч. Айтматовдун, Т. Сыдыкбековдун, А. Осмоновдун, Токтогулдун чыгармалары жөнүндө сын макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган жана айрымдары араб, болгар, грузин тилдерине которулган. Жазуучунун «Эркинбек» (1963), «Түштүк кызы» (1962) аттуу аӊгеме, повесттеринде элет турмушу, андагы карапайым адамдардын тиричилиги, өз ара мамилелери, балдардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты сүрөттөлөт. Анын поэтикалык жыйнактары («Махабат аралы», 1971; «Таӊ шоокуму», 1977; «Акын кыялы», 1985; «Арман китеп», 1997) жарык көргөн. Ал Хафиздин казалдарын, грузин акыны А. Чавчавадзенин, каракалпак акыны Бердахтын лирикаларын кыргыз тилине которгон. Б. Даӊк медалы менен сыйланган (1996).