БЛЕФАРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
''' БЛЕФАРИ́Т''' (гр. blйpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган
''' БЛЕФАРИ&#769;Т''' (гр. blèpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, дайыма шамалдын таасир этүүсү, алы<font color='green'>с</font>тан жана жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй жана жара түрүндөгүсү бар. Ж<font color='green'>ө</font>нөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара па<font color='green'>й</font>да болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине жана ки<font color='green'>р</font>пик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Д<font color='green'>а</font>рылоо пайда болуу себебине жараша жүргүз<font color='green'>ү</font>лөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет. [[Category: 2-том ]]
өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө
чаӊдын, шамалдын дайыма таасир этүүсү, алы<font color='green'>с</font>тан ж-а жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көзайнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй ж-а жара түрүндөгүсү бар. Ж<font color='green'>ө</font>нөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара па<font color='green'>й</font>да болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине ж-а ки<font color='green'>р</font>пик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Д<font color='green'>а</font>рылоо пайда болуу себебине жараша жүргүз<font color='green'>ү</font>лөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча м-н сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет. [[Category: 2-том, бүтө элек]]
 

10:07, 13 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы

БЛЕФАРИ́Т (гр. blèpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, дайыма шамалдын таасир этүүсү, алыстан жана жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй жана жара түрүндөгүсү бар. Жөнөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара пайда болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине жана кирпик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет.