БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ ''' | '''БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ '''– байланышты камсыз кылуучу негизги пунктта жайгаштырылган ар кандай байланыш каражатынын комплекси. Ал бир аймактагы калкты, ишканаларды, мекеме­лерди, уюмдарды радио уктуруу, почта, ''телефон'' жана телеграф байланыштары боюнча тейлеп, гезит­, журнал, пенсия таркатуу иштерин аткарат. Шаар аралык телефон жана телеграф байланыштарын жүргүзүү үчүн айрым шаарларда транзит байланыш түйүнү курулат. Аскер байланыш түйүнү радио түйүнүнөн, телеграф жана телефон станциясынан, кабар жый­ноо жана билдирүү пунктунан, байланыш самолётунан, вертолётунан ж. б. турат. Аскер байланыш түйүнү ту­руктуу жана убактылуу болуп бөлүнүп, убакты­луу байланыш түйүнү командалык, байкоо жүргүзүлүүчү жана тылдагы башкаруу орундарында түзүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
11:39, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ – байланышты камсыз кылуучу негизги пунктта жайгаштырылган ар кандай байланыш каражатынын комплекси. Ал бир аймактагы калкты, ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды радио уктуруу, почта, телефон жана телеграф байланыштары боюнча тейлеп, гезит, журнал, пенсия таркатуу иштерин аткарат. Шаар аралык телефон жана телеграф байланыштарын жүргүзүү үчүн айрым шаарларда транзит байланыш түйүнү курулат. Аскер байланыш түйүнү радио түйүнүнөн, телеграф жана телефон станциясынан, кабар жыйноо жана билдирүү пунктунан, байланыш самолётунан, вертолётунан ж. б. турат. Аскер байланыш түйүнү туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнүп, убактылуу байланыш түйүнү командалык, байкоо жүргүзүлүүчү жана тылдагы башкаруу орундарында түзүлөт.