БАЙЛАМТА (анатомияда): нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЛАМТА | '''БАЙЛАМТА '''а н а т о м и я д а – скелет сөөктөрүн бириктирүүчү катуу, ар түрдүү формадагы тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюл­гучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта байламта серпилгич, ийилгич ке­лип, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Байламта негизинен муунга жакын, муун кабында, анын тегерегин­де ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт жана кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөң­чөлөрүнө бекийт. Ири байламта жамбаш, тизе, чыка­нак муундарында, ошондой эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш байламтасы айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бирикти­рип, омуртка тутуму менен тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат. Байламта механикалык жактан бышык бо­луу менен бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу жана көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюл­гучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттар­да эң жогору болот. Байламта муундун туура эмес кый­мылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык жана кырк муундун байламтасы жабыркайт, бул учурда муун ши­шип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаган­да тезинен врачка кайрылыш керек, ага чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч жана туура эмес дарыланганда көпкө чейин айык­пай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:34, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙЛАМТА а н а т о м и я д а – скелет сөөктөрүн бириктирүүчү катуу, ар түрдүү формадагы тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюлгучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта байламта серпилгич, ийилгич келип, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Байламта негизинен муунга жакын, муун кабында, анын тегерегинде ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт жана кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөңчөлөрүнө бекийт. Ири байламта жамбаш, тизе, чыканак муундарында, ошондой эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш байламтасы айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бириктирип, омуртка тутуму менен тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат. Байламта механикалык жактан бышык болуу менен бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу жана көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюлгучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттарда эң жогору болот. Байламта муундун туура эмес кыймылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык жана кырк муундун байламтасы жабыркайт, бул учурда муун шишип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаганда тезинен врачка кайрылыш керек, ага чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч жана туура эмес дарыланганда көпкө чейин айыкпай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн.