БАЙЛАДИЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЛАДИЛА ''' | '''БАЙЛАДИЛА '''– Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200–1250 ''м'' бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Fе 65–69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн ''т),'' Жали-Ражхара (290 млн ''т''), Ровгхат (237 млн ''т''). 1958-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бети­нен ачык казылып алынат. Кендер антиклинал­дык зона менен татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Байладила кенинде 150 ''м'' те­реңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын узундугу 900–1500 ''м,'' калыңдыгы 30–60 ''м'' (чанда 150 ''м''). [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:29, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙЛАДИЛА – Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200–1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Fе 65–69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн т), Жали-Ражхара (290 млн т), Ровгхат (237 млн т). 1958-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бетинен ачык казылып алынат. Кендер антиклиналдык зона менен татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Байладила кенинде 150 м тереңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын узундугу 900–1500 м, калыңдыгы 30–60 м (чанда 150 м).