БАЙКОНУР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙКОНУР '''- космостук кемелерди, орбиталык ж-а автоматтык планета аралык станциялар&shy;ды учуруучу ж-а даярдоочу дүйнөдөгү ири кос&shy;модромдордун бири. Аянты 6717 ''км''<sup>2</sup>. Казак&shy;стандын Кызыл-Ордо обл-ндагы Байкоңур ш-нын жанында жайгашкан. 1955-ж. курулуп, 1991-ж. Казакстандын менчигине өткөн ж-а ижара келишими б-ча 20 жылга РФке берилген (2004-ж. ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Б-дун курамында жеңил, орто ж-а оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу ж-а учуруучу 9 старттык, 43 тех. комплекс, 3 май куючу станция ж-а кычкыл&shy;тек-азот з-ду бар. Космодромдун инфраструкту&shy;расы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу ж-а жылуулук жабдууларын, о. эле авто ж-а темиржол түйүндөрүн камтыйт. Б-дагы алгач&shy;кы учуруу сыноолору 1957-ж. май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-ок&shy;тябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-ж. 12-апрелде «Восток» космостук кемеси м-н Ю. А. ''Гагарин'' учкан. Б-дан көптөгөн сов. космостук кемелер («Восток», «Восход» ж.б.) ж-а орбиталык станциялар («Салют» ж-а «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАЙКОҢУР '''космостук кемелерди, орбиталык жана автоматтык планета аралык станциялар&shy;ды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири кос&shy;модромдордун бири. Аянты 6717 ''км''<sup>2</sup>. Казак&shy;стандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-жылы курулуп, 1991-жылы Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-жылы ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байкоңурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекс, 3 май куючу станция жана кычкыл&shy;тек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструкту&shy;расы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темир жол түйүндөрүн камтыйт. Байкоңурдагы алгач&shy;кы учуруу сыноолору 1957-жылы май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-ок&shy;тябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-жылы 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. ''Гагарин'' учкан. Байкоңурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж. б.) жана орбиталык станциялар («Салют» жана «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.  
 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

10:05, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЙКОҢУР – космостук кемелерди, орбиталык жана автоматтык планета аралык станциялар­ды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири кос­модромдордун бири. Аянты 6717 км2. Казак­стандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-жылы курулуп, 1991-жылы Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-жылы ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байкоңурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекс, 3 май куючу станция жана кычкыл­тек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструкту­расы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темир жол түйүндөрүн камтыйт. Байкоңурдагы алгач­кы учуруу сыноолору 1957-жылы май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-ок­тябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-жылы 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. Гагарин учкан. Байкоңурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж. б.) жана орбиталык станциялар («Салют» жана «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.