БАЙКОНУР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БАЙКОҢУР '''– космостук кемелерди, орбиталык жана автоматтык планета аралык станциялар­ды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири кос­модромдордун бири. Аянты 6717 ''км''<sup>2</sup>. Казак­стандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-жылы курулуп, 1991-жылы Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-жылы ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байкоңурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекс, 3 май куючу станция жана кычкыл­тек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструкту­расы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темир жол түйүндөрүн камтыйт. Байкоңурдагы алгач­кы учуруу сыноолору 1957-жылы май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-ок­тябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-жылы 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. ''Гагарин'' учкан. Байкоңурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж. б.) жана орбиталык станциялар («Салют» жана «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
10:05, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙКОҢУР – космостук кемелерди, орбиталык жана автоматтык планета аралык станцияларды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири космодромдордун бири. Аянты 6717 км2. Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-жылы курулуп, 1991-жылы Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-жылы ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байкоңурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекс, 3 май куючу станция жана кычкылтек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструктурасы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темир жол түйүндөрүн камтыйт. Байкоңурдагы алгачкы учуруу сыноолору 1957-жылы май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-октябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-жылы 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. Гагарин учкан. Байкоңурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж. б.) жана орбиталык станциялар («Салют» жана «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.