БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ ''' | '''БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ '''– тоотек катмарлары­нын рифейден кембрийдин башталышына че­йинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-жылы орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Байкал бүктөлүүсүнүн башкы фазасы (учуру) венддин башталышынан кембрийге че­йинки (350–650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында – Турухан зонасын, Енисей токол тоосун жана Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун кур­чап өнүгөт. Алар Индстанда, Араб жарым аралында, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичинде­ги ортоңку массивдер катары таралат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
09:56, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ – тоотек катмарларынын рифейден кембрийдин башталышына чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-жылы орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Байкал бүктөлүүсүнүн башкы фазасы (учуру) венддин башталышынан кембрийге чейинки (350–650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында – Турухан зонасын, Енисей токол тоосун жана Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун курчап өнүгөт. Алар Индстанда, Араб жарым аралында, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичиндеги ортоңку массивдер катары таралат.