БАЙКАЛ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:БАЙКАЛ10.png | thumb | Байкал көлүн тегеренген темир жол.]] | [[File:БАЙКАЛ10.png | thumb | Байкал көлүн тегеренген темир жол.]] | ||
көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 456,3 ''м''. Ири булуңдары - Баргуза, Чи­биркуй, Провал; колтуктары – Аяя жана Фро­лиха, жарым аралы – Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили менен суу астында калат), эң ириси – Ольхон (аянты 730 ''км'' <sup>2</sup>дей). Тектоникалык кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин жана түбүнүн айрым жерле­ринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара | көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 456,3 ''м''. Ири булуңдары - Баргуза, Чи­биркуй, Провал; колтуктары – Аяя жана Фро­лиха, жарым аралы – Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили менен суу астында калат), эң ириси – Ольхон (аянты 730 ''км'' <sup>2</sup>дей). Тектоникалык кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин жана түбүнүн айрым жерле­ринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара жана Турка. Көлдөн Ангара дарыясы агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Байкалдын аймагына жергиликтүү шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон аралынын аймагында түндүк-батыш­тан – сарма, түндүк-чыгыштан – баргуза, түштүк-батыштан – култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн тол­кундар 5 ''м'' ге чейин көтөрүлөт. Суунун температурасы (үстүнкү катмарында) августта 9–12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунук­тугу (40 ''м'' ге чейин; Ангаранын башын кошпо­гондо) менен айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөр­дүн жана жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын көпчүлүгү эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой менен каптал­ган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Севе­ро-Байкальск, Бабушкин ш., Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Ху­жир ж. б. порттор менен калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн лимнология институту, Чоң Коты шаарчасында Иркут институтунун гидробиология станциясы иштейт. Байкалдын түндүк-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн ай­ланасы туризм, эс алуу үчүн мааниси зор. Антро­погендик таасирден Байкалдын экологиялык абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жа­тат. Байкал ''Бүткүл Дүйнөлүк мурас'' тизмесине кир­гизилген. | ||
Ад''.: Берг Л. С.'' Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; ''Россолимо Л. Л.'' Байкал. М., 1966; ''Давыдова М. И., Раковская Э. М., Тушинский Г. К.'' Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; ''Грачёв М. А.'' О. современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002. | Ад''.: Берг Л. С.'' Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; ''Россолимо Л. Л.'' Байкал. М., 1966; ''Давыдова М. И., Раковская Э. М., Тушинский Г. К.'' Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; ''Грачёв М. А.'' О. современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002. | ||
09:50, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙКАЛ, Б а й к ө л – Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы менен Иркут облусунда. Аянты 31,7 миң км2. Узундугу 636 км, орточо жазылыгы 48 км. Тереңдиги 1640 м.. Көлөмү 23,6 миң км3 (тузсуз суулардын дүйнөлүк запасынын 1/5ине жакыны) түзөт. Иркут ГЭСинин тосмосунун (плотинасынын) курулушунан

көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 456,3 м. Ири булуңдары - Баргуза, Чибиркуй, Провал; колтуктары – Аяя жана Фролиха, жарым аралы – Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили менен суу астында калат), эң ириси – Ольхон (аянты 730 км 2дей). Тектоникалык кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин жана түбүнүн айрым жерлеринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара жана Турка. Көлдөн Ангара дарыясы агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Байкалдын аймагына жергиликтүү шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон аралынын аймагында түндүк-батыштан – сарма, түндүк-чыгыштан – баргуза, түштүк-батыштан – култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн толкундар 5 м ге чейин көтөрүлөт. Суунун температурасы (үстүнкү катмарында) августта 9–12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунуктугу (40 м ге чейин; Ангаранын башын кошпогондо) менен айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын көпчүлүгү эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой менен капталган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Северо-Байкальск, Бабушкин ш., Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Хужир ж. б. порттор менен калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн лимнология институту, Чоң Коты шаарчасында Иркут институтунун гидробиология станциясы иштейт. Байкалдын түндүк-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн айланасы туризм, эс алуу үчүн мааниси зор. Антропогендик таасирден Байкалдын экологиялык абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Байкал Бүткүл Дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген.
Ад.: Берг Л. С. Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; Россолимо Л. Л. Байкал. М., 1966; Давыдова М. И., Раковская Э. М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; Грачёв М. А. О. современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002.
Ө. Бараталиев.