БАЙЗАК Жаркынбай уулу: нускалардын айырмасы
м (Temirkan moved page БАЙЗАК 1 to БАЙЗАК Жаркынбай уулу) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЗАК Жаркынбай уулу | '''БАЙЗАК''' Жаркынбай уулу, Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү – 07. 09. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) – чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого жана белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак кербендер менен Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери менен толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкент, Кокон, Са­маркан, Бухарага чейин барып, шаар калкы­нын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-жылы Россия импера­торлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль менен сыйлаган. Мындан тышкары, Жалал-Абад, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер менен да чек ажыратууга катышкан. 1871–1879-жылдарда Пишпек уез­диндеги Кулжыгач болуштугунун айылдарынын биринде бий, кийин ''болушка'' талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879–85-жылдарда эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-жылы 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлу­гунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал ''Шабдан'' баатыр­дын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору менен чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, ошондой эле Шабдан менен бирге Ош-Алай тарапка барышып, ''Курманжан даткага'' атайы жолугушуп, анын күйөөсү ''Алым­бек датканын'' арбагына багыштап куран оку­туп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Байзактын да кол кабыш кыл­гандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруу­чу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-жылы октябрь айында 170 жыл­дыгы республикалык деңгээлде белгиленип, анын алка­гында илимий конференция өткөрүлгөн. 1994-жылы мур­дагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган. | ||
''Д. Сапаралиев.'' | ''Д. Сапаралиев.'' | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
08:47, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙЗАК Жаркынбай уулу, Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү – 07. 09. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) – чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого жана белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак кербендер менен Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери менен толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкент, Кокон, Самаркан, Бухарага чейин барып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-жылы Россия императорлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль менен сыйлаган. Мындан тышкары, Жалал-Абад, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер менен да чек ажыратууга катышкан. 1871–1879-жылдарда Пишпек уездиндеги Кулжыгач болуштугунун айылдарынын биринде бий, кийин болушка талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879–85-жылдарда эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-жылы 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлугунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал Шабдан баатырдын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору менен чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, ошондой эле Шабдан менен бирге Ош-Алай тарапка барышып, Курманжан даткага атайы жолугушуп, анын күйөөсү Алымбек датканын арбагына багыштап куран окутуп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Байзактын да кол кабыш кылгандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруучу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-жылы октябрь айында 170 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленип, анын алкагында илимий конференция өткөрүлгөн. 1994-жылы мурдагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган.
Д. Сапаралиев.