КОНДУЧАЛОВА Сагыйпа: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОНДУЧАЛОВА to КОНДУЧАЛОВА Сагыйпа) |
(Айырма жок)
| |
05:33, 27 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНДУЧАЛОВА Сагыйпа (6. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы 11. 2. 2006) – педагог, Кыргыз ССРинин элге билим берүүгө эмгек сиңирген ишмери (1990). Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп (1943), Кара-Жыгач айылдык мектебинде мугалим болуп эмгектенген (1945). М. В. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүрүп (1949), Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда мугалим (1949–50), Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда илимий кызматкер (1955– 59), Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим (1959–61), кафедра башчысы (1961–70), В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун кыргыз тили ж-а адабияты кафедрасынын доценти (1970–73), кафедра башчысы (1973–89), профессору (1989–93), И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин профессору болгон (1993–2006). 80 ден ашык илимий эмгектин автору.
Эмг.: Методика преподавания родного языка. Ф., 1974; Эне тили. 2-класс. Ф., 1978.