КОНГО (Борбордук Африкадагы дарыя): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КОНГО 1 to КОНГО (Борбордук Африкадагы дарыя)) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КО́НГО</b> , З а и р – | <b type='title'>КО́НГО</b> , З а и р – Борбордук Африкадагы дарыя; негизинен Конго Демократиялык Республикасынын, айрым бөлүктөрү Конго Республикасынын ж-а Анголанын чек аралары аркы­луу агат. Узундугу Луалабанын башатынан 4320 <i>км</i>; алабынын аянты (3691 миң <i>км</i><sup>2</sup>) ж-а суусунун молдугу (орточо чыгымы 46 миң <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>) боюнча Афри­када биринчи, дүйнөдө Амазонка ж-а Парана­дан кийин 2–3-орунду ээлейт. Заирдин түштүк-чы­гышынан, Замбиянын чегине жакын жайгаш­кан платодон башталып, Стэнли шаркыратма­сына чейин Луалаба деп аталат. Орто бөлүгүндө Конго ойдуңу аркылуу кенен (20 <i>км</i>ге чейин) өрөөн м-н агып, салааларды ж-а көлдөрдү пай­да кылат. Төмөн жагында Түштүк Гвинея дөңсөөсүн терең капчыгай аркылуу жарып агат. Мында босоголор м-н шаркыратмалар (Стэнли, Ливинг­стон ж. б.) көп. Матади шаары тушта деңиз жээгин­деги түздүккө чыгып, Банана шаары тушта Атлан­тика океанына эстуарийди пайда кылып куят. Башкы куймалары: Лифура, Лувуа, Лукуга, Арувими, Итимбири, Убанги, Санга (оң), Лома­ми, Лулонга, Касаи (Ква), Руки (сол). Конгонун ала­бында Танганьика, Киву, Бангвеулу, Мверу ж. б. ири көлдөр жайгашкан. Суусу жогорку aгы­мында ноябрь–декабрда, ортонку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө май–июнда ж-а ноябрь–декабрда кирет. Орточо чыгымы 46 миң <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i> (эң көбү 75 миң <i>км</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, азы 23 миң <i>км</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>). Жылдык орточо агымы 1450 <i>км</i><sup>3</sup>. Конго океан суусун жээктен 75 <i>км</i> аралыкка чейин тузсуздандырат. Жылы­на 50 млн тга чейин шиленди агызып келет. Гидроэнергиясынын запасы 390 <i>ГВт</i> чамасын­да. Ири ГЭСтери: Ле-Маринель, Делькомюн (Лу­алаба), Франки (Луфирде), Инга (Конгонун төмөн­кү агымында). Балык кармалат. Конгонун алабын­дагы суу жолунун жалпы узундугу 20 миң <i>км</i>дей. Конгонун өзүндө айрым участкаларында гана кеме жүрөт. Айрым босоголуу участкалары темир жол ар­кылуу туташат. Жээгиндеги ири шаарлары: Бу­каву, Конголо, Кинду, Кисангани, Киншаса (Конго Демократиялык Респ | ||
негизинен Конго | |||
өрөөн м-н агып, салааларды ж-а көлдөрдү пай­да кылат. Төмөн жагында | |||
бөлүктөрүндө май–июнда ж-а ноябрь–декабрда | |||
кирет. | |||
убликасы), Браззавиль (Конго Республикасы); төмөнкү агымында Матади деңиз порту (Бома, Банана аванпорттору м-н) жайгашкан. | |||
Ад.: <i>Дмитревский Ю. Д., Олейников И. Н.</i> Река | |||
Конго. Л., 1962. | Ад.: <i>Дмитревский Ю. Д., Олейников И. Н.</i> Река Конго. Л., 1962. | ||
<p align='right'><i type='author'>Г. Бакасова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Г. Бакасова.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
06:58, 26 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КО́НГО , З а и р – Борбордук Африкадагы дарыя; негизинен Конго Демократиялык Республикасынын, айрым бөлүктөрү Конго Республикасынын ж-а Анголанын чек аралары аркылуу агат. Узундугу Луалабанын башатынан 4320 км; алабынын аянты (3691 миң км2) ж-а суусунун молдугу (орточо чыгымы 46 миң м3/сек) боюнча Африкада биринчи, дүйнөдө Амазонка ж-а Паранадан кийин 2–3-орунду ээлейт. Заирдин түштүк-чыгышынан, Замбиянын чегине жакын жайгашкан платодон башталып, Стэнли шаркыратмасына чейин Луалаба деп аталат. Орто бөлүгүндө Конго ойдуңу аркылуу кенен (20 кмге чейин) өрөөн м-н агып, салааларды ж-а көлдөрдү пайда кылат. Төмөн жагында Түштүк Гвинея дөңсөөсүн терең капчыгай аркылуу жарып агат. Мында босоголор м-н шаркыратмалар (Стэнли, Ливингстон ж. б.) көп. Матади шаары тушта деңиз жээгиндеги түздүккө чыгып, Банана шаары тушта Атлантика океанына эстуарийди пайда кылып куят. Башкы куймалары: Лифура, Лувуа, Лукуга, Арувими, Итимбири, Убанги, Санга (оң), Ломами, Лулонга, Касаи (Ква), Руки (сол). Конгонун алабында Танганьика, Киву, Бангвеулу, Мверу ж. б. ири көлдөр жайгашкан. Суусу жогорку aгымында ноябрь–декабрда, ортонку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө май–июнда ж-а ноябрь–декабрда кирет. Орточо чыгымы 46 миң м3/сек (эң көбү 75 миң км3/сек, азы 23 миң км3/сек). Жылдык орточо агымы 1450 км3. Конго океан суусун жээктен 75 км аралыкка чейин тузсуздандырат. Жылына 50 млн тга чейин шиленди агызып келет. Гидроэнергиясынын запасы 390 ГВт чамасында. Ири ГЭСтери: Ле-Маринель, Делькомюн (Луалаба), Франки (Луфирде), Инга (Конгонун төмөнкү агымында). Балык кармалат. Конгонун алабындагы суу жолунун жалпы узундугу 20 миң кмдей. Конгонун өзүндө айрым участкаларында гана кеме жүрөт. Айрым босоголуу участкалары темир жол аркылуу туташат. Жээгиндеги ири шаарлары: Букаву, Конголо, Кинду, Кисангани, Киншаса (Конго Демократиялык Респ
убликасы), Браззавиль (Конго Республикасы); төмөнкү агымында Матади деңиз порту (Бома, Банана аванпорттору м-н) жайгашкан.
Ад.: Дмитревский Ю. Д., Олейников И. Н. Река Конго. Л., 1962.
Г. Бакасова.