КОЛОТ (Базар-Коргон районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

02:59, 23 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЛОТ – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 13 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1910-жылы негизделген. Калкы 4607 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Соода түйүндөрү, мончо иштейт.