КЛИЧКО Виталий Владимирович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЛИЧКО 1 to КЛИЧКО Виталий Владимирович) |
(Айырма жок)
| |
10:13, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КЛИЧКО́ Виталий Владимирович (19. 7. 1971- жылы туулган, Кыргызстан, Москва району, Беловодский айылы)

– украин профессионал бокс чебери. Бир тууган Кличколордун улуусу. Атасы аскер кызматкери болгондуктан, үй-бүлөсү1985-ж.Украинага кеткен. Кличко 14 жашынан бокс м-н алектенген. WBO ж-а WBC версиялары боюнча оор салмактагы профессионалдар арасында дүйнөнүн чемпиону. Европанын, континент аралык ж-а кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 6 жолку (4 жолу профессионалдар, 2 жолу спортту сүйүүчүлөр арасында) чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын Кличко 1996-жылы Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, К. Бёрд, Л. Льюис, К. Сандерс сыяктуу бокс чеберлери м-н таймашкан. Ал профессионалдык рингде 39 жолу беттешип, 37синин 36сын нокаут м-н жеңген (2009); 26 таймашты эң аз раундда нокаут м-н жеңген оор салмактагы 1-дүйнө чемпиону катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 2004-жылы боксту таштап, 2008-жылы кайтып келген. 1998–2003-жылдарда эл аралык «Спорт-XXI» спортту өнүктүрүү фондусун жетектеген. Украина Баатыры, Украинанын «Эрдик» ордени м-н сыйланган.
Р. Аманкулов.