ДАНИЛЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАНИЛЕВСКИЙ | '''ДАНИЛЕВСКИЙ''' Николай Яковлевич [4(16).12. 1822, Орлов губерниясы, Ливенский уезди, Остров кыштагы – 7(19).11.1885, Тифлис (азыркы Тбили­си)] – орус философу, биологу, публицисти, панславизм идеологу. Данилевский баарына бештен бел­гилүү: байыркы, орто кылым жана жаӊы тарых болуп бөлүнгөн бирдиктүү дүйнөлүк тарых де­ген концепцияны четке каккан. Ал «Россия жана Европа» аттуу китебинде (1869) биологиялык орга­низмдер сыяктуу өз бет алдынча обочолонуп өсүп-өнүгүүчү «маданий-тарыхый типтер» (ци­вилизациялар) деген теориясын киргизген. Бул теория кийин О. ''Шпенглердин'' жана А. ''Тойнби­нин'' локалдык (аймактык) цивилизациялар деп аталган концепцияларына негиз болгон. Ар бир тип өзүнүн жаралуу, телчигүү, гүлдөө жана соо­луп-өчүү доорлорун басып өтөт. Данилевский өз китебинде маданий-тарыхый жактан өнүгүүнүн 10 тибин: египет, кытай, байыркы семит (ассирия-вави­лон-финикия-халдей), индия, иран, еврей, грек, рим, жаӊы семит (араб), европа (роман-герман) цивилизацияларын атаган. Анын пикири боюнча тарыхта жаӊыдан жаралып жаткан 11-маданий­ тарыхый тип – славян цивилизациясы. Ал буга чейинки цивилизациялардан алда канча жого­ру турат жана келечектүү деп эсептеген. | ||
''Т. Абдылдабеков.'' | ''Т. Абдылдабеков.'' | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
04:47, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ДАНИЛЕВСКИЙ Николай Яковлевич [4(16).12. 1822, Орлов губерниясы, Ливенский уезди, Остров кыштагы – 7(19).11.1885, Тифлис (азыркы Тбилиси)] – орус философу, биологу, публицисти, панславизм идеологу. Данилевский баарына бештен белгилүү: байыркы, орто кылым жана жаӊы тарых болуп бөлүнгөн бирдиктүү дүйнөлүк тарых деген концепцияны четке каккан. Ал «Россия жана Европа» аттуу китебинде (1869) биологиялык организмдер сыяктуу өз бет алдынча обочолонуп өсүп-өнүгүүчү «маданий-тарыхый типтер» (цивилизациялар) деген теориясын киргизген. Бул теория кийин О. Шпенглердин жана А. Тойнбинин локалдык (аймактык) цивилизациялар деп аталган концепцияларына негиз болгон. Ар бир тип өзүнүн жаралуу, телчигүү, гүлдөө жана соолуп-өчүү доорлорун басып өтөт. Данилевский өз китебинде маданий-тарыхый жактан өнүгүүнүн 10 тибин: египет, кытай, байыркы семит (ассирия-вавилон-финикия-халдей), индия, иран, еврей, грек, рим, жаӊы семит (араб), европа (роман-герман) цивилизацияларын атаган. Анын пикири боюнча тарыхта жаӊыдан жаралып жаткан 11-маданий тарыхый тип – славян цивилизациясы. Ал буга чейинки цивилизациялардан алда канча жогору турат жана келечектүү деп эсептеген.
Т. Абдылдабеков.