АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
556-684>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| (8 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ''' (''аэро''… жана ''климатология'') ‒ атмосферанын жогорку катмарындагы климаттык шарттар жөнүндөгү илим; ''климатологиянын'' бир бөлүмү. Ал тропосферадагы жана стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо менен радиозондоонун жана учуучу шар станциялардын маалыматтары аэроклиматология үчүн негизги материалдар болуп эсептелет (кара. ''Аэрология'' ). Аэроклиматологиянын милдети ‒ негизги метеорологиялык элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш жана өнүгүшүн эмпириялык жол менен аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. Аэроклиматологиянын маалыматтары атмосферанын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн жана ага байланыштуу жер шарындагы температуранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба транспорттук катнашын камсыз кылууда аэроклиматологиялык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоӊ. | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
03:44, 3 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ (аэро… жана климатология) ‒ атмосферанын жогорку катмарындагы климаттык шарттар жөнүндөгү илим; климатологиянын бир бөлүмү. Ал тропосферадагы жана стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо менен радиозондоонун жана учуучу шар станциялардын маалыматтары аэроклиматология үчүн негизги материалдар болуп эсептелет (кара. Аэрология ). Аэроклиматологиянын милдети ‒ негизги метеорологиялык элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш жана өнүгүшүн эмпириялык жол менен аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. Аэроклиматологиянын маалыматтары атмосферанын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн жана ага байланыштуу жер шарындагы температуранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба транспорттук катнашын камсыз кылууда аэроклиматологиялык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоӊ.