КИНОТЕХНИКА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНОТЕ́ХНИКА</b> – техниканын | <b type='title'>КИНОТЕ́ХНИКА</b> – техниканын кино тасмаларды чыгаруу, көбөйтүү жана көрсөтүү каражатта­рын жана ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. Сүрөт тартуучу жана көрсөтүүчү алгачкы аппа­ратты 1895-жылы француз ойлоп тапкычтар Луи жана Огюст Люмерлер жасашкан. Ал аппарат «кине­матограф» (грекче kinema – кыймыл жана ...<i>графия</i> – жазуу, башкача айтканда кыймылды жазуу) деп аталган. Бул аппараттын негизинде 1895-жылы Парижде эң би­ринчи кинотеатр ачылган. Кийин көп мамле­кеттерде ар кандай конструкциядагы тартуучу, көрсөтүүчү киноаппараттар пайда болуп, 1896-жылдан Франция, Англия, Россия, Бельгия, Германия жана башка өлкөлөрдө кино көрсөтүлө баш­таган. Алгачкы тасмалар үнсүз, түссүз жана көлөмсүз тартылган. 1929-жылы Советтер Союзунда А. Шорин, П. Тагер жана В.Охотников биринчи жолу кинону үндөштүргөн. Биринчи кинотеатр ачылгандан кийин кинематография өркүндөтү­лүп, көп жетишкендиктерге ээ болгон. Тасмалар үндүү, түстүү, кең экрандуу, кең форматтуу, стереофондуу, вариоскоптуу жана айланма пано­рамалуу тартыла баштаган. Кино чыгарууда жана көрсөтүүдө ар түрдүү аппараттар колдону­лат. Аларга кино тартуучу, үн жазуучу, плён­каны иштетип чыгаруучу, кино тасмаларды ба­суучу, көрсөтүүчү жана башка аппараттар кирет. <i>Кино тартуучу аппараттар</i> ар түрдүү конструкция­да түзүлөт. Алар көрүнүштөрдү (сүрөттөрдү) би­ринин артынан бирин улай тартып, аларды өз убагында плёнкага түшүрүп калууга ылайык­таштырылат. Бир секундда тартылуучу <i>кадрлар­дын</i> саны кино тартуунун тездиги деп аталат.<br>Азыр кинотехниканы үзгүлтүксүз өркүндөтүү – сүрөттү көр­сөтүүнүн жана үндү угузуунун сапатын жакшыр­туу, жарыкка өтө сезгич киноплёнкаларды түзүү, оптикалык басуу методу менен тасмаларды бир фор­маттан башка форматка өткөрүп, көчүрүүчү жаб­дууларды жакшыртуу багытында иштер жүргү­зүлүүдө. 1990-жылдардан негизинен <i>видеокаме­ра</i> колдонула баштады. | ||
жазуу, | |||
Азыр | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
10:49, 2 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИНОТЕ́ХНИКА – техниканын кино тасмаларды чыгаруу, көбөйтүү жана көрсөтүү каражаттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. Сүрөт тартуучу жана көрсөтүүчү алгачкы аппаратты 1895-жылы француз ойлоп тапкычтар Луи жана Огюст Люмерлер жасашкан. Ал аппарат «кинематограф» (грекче kinema – кыймыл жана ...графия – жазуу, башкача айтканда кыймылды жазуу) деп аталган. Бул аппараттын негизинде 1895-жылы Парижде эң биринчи кинотеатр ачылган. Кийин көп мамлекеттерде ар кандай конструкциядагы тартуучу, көрсөтүүчү киноаппараттар пайда болуп, 1896-жылдан Франция, Англия, Россия, Бельгия, Германия жана башка өлкөлөрдө кино көрсөтүлө баштаган. Алгачкы тасмалар үнсүз, түссүз жана көлөмсүз тартылган. 1929-жылы Советтер Союзунда А. Шорин, П. Тагер жана В.Охотников биринчи жолу кинону үндөштүргөн. Биринчи кинотеатр ачылгандан кийин кинематография өркүндөтүлүп, көп жетишкендиктерге ээ болгон. Тасмалар үндүү, түстүү, кең экрандуу, кең форматтуу, стереофондуу, вариоскоптуу жана айланма панорамалуу тартыла баштаган. Кино чыгарууда жана көрсөтүүдө ар түрдүү аппараттар колдонулат. Аларга кино тартуучу, үн жазуучу, плёнканы иштетип чыгаруучу, кино тасмаларды басуучу, көрсөтүүчү жана башка аппараттар кирет. Кино тартуучу аппараттар ар түрдүү конструкцияда түзүлөт. Алар көрүнүштөрдү (сүрөттөрдү) биринин артынан бирин улай тартып, аларды өз убагында плёнкага түшүрүп калууга ылайыкташтырылат. Бир секундда тартылуучу кадрлардын саны кино тартуунун тездиги деп аталат.
Азыр кинотехниканы үзгүлтүксүз өркүндөтүү – сүрөттү көрсөтүүнүн жана үндү угузуунун сапатын жакшыртуу, жарыкка өтө сезгич киноплёнкаларды түзүү, оптикалык басуу методу менен тасмаларды бир форматтан башка форматка өткөрүп, көчүрүүчү жабдууларды жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. 1990-жылдардан негизинен видеокамера колдонула баштады.