КИНДИК ЭНЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КИНДИК ЭНЕ – </b>бала төрөлгөндө киндигин кес&shy;кен аял; Киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-эне&shy;сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый&shy;мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-&shy;мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон&shy;дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым&shy;ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол&shy;сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм&shy;дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.  
<b type='title'>КИНДИК ЭНЕ – </b>бала төрөлгөндө киндигин кес&shy;кен аял; киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-эне&shy;сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый&shy;мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-&shy;мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон&shy;дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым&shy;ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол&shy;сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм&shy;дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.  
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p>
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

07:18, 2 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КИНДИК ЭНЕ – бала төрөлгөндө киндигин кес­кен аял; киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-эне­сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый­мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-­мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон­дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым­ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол­сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм­дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.

Ы. Кадыров.