КИНДИК ЭНЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНДИК ЭНЕ – </b>бала төрөлгөндө киндигин кес­кен аял; | <b type='title'>КИНДИК ЭНЕ – </b>бала төрөлгөндө киндигин кес­кен аял; киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-эне­сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый­мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-­мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон­дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым­ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол­сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм­дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды. | ||
урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый­мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк­мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк | |||
эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын | |||
эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды. | |||
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
07:18, 2 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИНДИК ЭНЕ – бала төрөлгөндө киндигин кескен аял; киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-энесине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сыймыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошондон улам элде «жетемди эмес, жерден алганымды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу болсун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эмдигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.
Ы. Кадыров.