АХИЛЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Lera No edit summary |
imported>Gulira No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АХИЛЛ,''' А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, ''Троя'' шаарын багындырууга барган грек баатыры. Ахилл тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин аялуу жерине айланат. Ахилл Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин ''Аполлон'' анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», башкача айтканда «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, Ахилл культу Элида, Спарта, | '''АХИЛЛ,''' А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, ''Троя'' шаарын багындырууга барган грек баатыры. Ахилл тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин аялуу жерине айланат. Ахилл Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин ''Аполлон'' анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», башкача айтканда «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, Ахилл культу Элида, Спарта, Түндүк Кара деӊиз боюнда кеӊири тараган.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
09:40, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АХИЛЛ, А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, Троя шаарын багындырууга барган грек баатыры. Ахилл тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин аялуу жерине айланат. Ахилл Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин Аполлон анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», башкача айтканда «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, Ахилл культу Элида, Спарта, Түндүк Кара деӊиз боюнда кеӊири тараган.