АТОМ СПЕКТРЛЕРИ: нускалардын айырмасы
imported>Dilde No edit summary |
imported>Gulira No edit summary |

| (6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АТОМ СПЕКТРЛЕРИ''' - эркин абалындагы же начар байланышкан атомдордун электр-магнит нурун бөлүп чыгаруудан же жутуудан алынуучу оптикалык спектрлер. Алар тыгыз эмес бууларда жана газдарда болот. Атом спектрлери нурлануу жыштыгы ''n'' менен мүнөздөлүп, ар бир сызыгы атом энергиясынын ''ei'' жана ''ek'' энергия деӊгээлинин ортосундагы өтүшүнө туура келет: e''i'' ‒e''k=''''h''n, мында, ''h ‒'' Планк турактуулугу. Атом спектрлери ачык көрүнгөн жекече касиетке ээ. Алардын көрүнүшү берилген элементтин атомунун түзүлүшү менен гана аныкталбастан, сырткы факторлору ‒ температура, басым, электр жана магнит талаасы ж. б. менен да аныкталат. Ал көзгө көрүнгөн, ультра кызгылт-көк жана инфра кызылга жакын спектр аймактарында байкалат. Аны бөлүп чыгаруу түрдүү жолдор аркылуу, башкача айтканда атомду дүүлүктүрүүдө, ал эми жутулуу туташ спектрдин нурлануусу атмосфера газ же буу аркылуу өткөндө алынат. Атом спектрлеринин жекече заттын сапаттык курамын аныктоо үчүн, ал эми нурландырылуучу атомдун топтолушунун, сызыктардын интенсивдүүлүгүнө көз карандылыгы заттын сандык курамын аныктоо үчүн пайдаланылат. Аны изилдөө атомдун түзүлүшү жөнүндөгү илимдин өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.

[[Категория:1-Том]] | |||
11:26, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АТОМ СПЕКТРЛЕРИ - эркин абалындагы же начар байланышкан атомдордун электр-магнит нурун бөлүп чыгаруудан же жутуудан алынуучу оптикалык спектрлер. Алар тыгыз эмес бууларда жана газдарда болот. Атом спектрлери нурлануу жыштыгы n менен мүнөздөлүп, ар бир сызыгы атом энергиясынын ei жана ek энергия деӊгээлинин ортосундагы өтүшүнө туура келет: ei ‒ek=hn, мында, h ‒ Планк турактуулугу. Атом спектрлери ачык көрүнгөн жекече касиетке ээ. Алардын көрүнүшү берилген элементтин атомунун түзүлүшү менен гана аныкталбастан, сырткы факторлору ‒ температура, басым, электр жана магнит талаасы ж. б. менен да аныкталат. Ал көзгө көрүнгөн, ультра кызгылт-көк жана инфра кызылга жакын спектр аймактарында байкалат. Аны бөлүп чыгаруу түрдүү жолдор аркылуу, башкача айтканда атомду дүүлүктүрүүдө, ал эми жутулуу туташ спектрдин нурлануусу атмосфера газ же буу аркылуу өткөндө алынат. Атом спектрлеринин жекече заттын сапаттык курамын аныктоо үчүн, ал эми нурландырылуучу атомдун топтолушунун, сызыктардын интенсивдүүлүгүнө көз карандылыгы заттын сандык курамын аныктоо үчүн пайдаланылат. Аны изилдөө атомдун түзүлүшү жөнүндөгү илимдин өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.