АСПИРИН: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (1 версия) |
imported>Gulira мNo edit summary |
||
| (9 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АСПИРИН''' (лат. acidum spiricum ‒ салицил кислотасынын алгачкы аталышы) ‒ацетилсалицил кислотасынын коммерциялык аты. 1853-жылы синтезделген. Дарылоо практикасына немец дарыгер Г. Дрезер киргизген. Ал температураны төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ооруну басаӊдатуучу дары. Аспирин калтыратмада, ''баш ооруганда , невралгияда , кызыл жүгүрүктө'' жана башкаларда кеӊири колдонулат. 20-кылымдын ортосунда анын антитромбоциттик таасири байкалып, ошого байланыштуу антиагрегант катары кеӊири пайдаланылат. Чоӊ дозада кабыл алганда баш айланат, угуу начарлайт, аллергиялык реакциялар жана башка болот. Аны тамактан кийин сууга эритип ичүү сунуш кылынат. Аспирин айрым дарылардын (цитрамон, седальгин, алько-прим жана башка) курамына кирет. Абдан көп колдонулуучу дары болуп эсептелет (мисалы, Америкада жылына 20 ''т'' чамасында пайдаланылат).<br> | |||
( | [[Категория:1-Том]] | ||
03:26, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АСПИРИН (лат. acidum spiricum ‒ салицил кислотасынын алгачкы аталышы) ‒ацетилсалицил кислотасынын коммерциялык аты. 1853-жылы синтезделген. Дарылоо практикасына немец дарыгер Г. Дрезер киргизген. Ал температураны төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы жана ооруну басаӊдатуучу дары. Аспирин калтыратмада, баш ооруганда , невралгияда , кызыл жүгүрүктө жана башкаларда кеӊири колдонулат. 20-кылымдын ортосунда анын антитромбоциттик таасири байкалып, ошого байланыштуу антиагрегант катары кеӊири пайдаланылат. Чоӊ дозада кабыл алганда баш айланат, угуу начарлайт, аллергиялык реакциялар жана башка болот. Аны тамактан кийин сууга эритип ичүү сунуш кылынат. Аспирин айрым дарылардын (цитрамон, седальгин, алько-прим жана башка) курамына кирет. Абдан көп колдонулуучу дары болуп эсептелет (мисалы, Америкада жылына 20 т чамасында пайдаланылат).