АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Gulira
No edit summary

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ'''– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн ж-а моралдык-психол. сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психол. сапаттарга ээ ж-а дене бою чың, аскердик-тех. билими бар, өз элинин ж-а анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо А. -п. т-нын негизги милдетине кирет. А.-п. т-ны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, гражд. коргонуу органдары, согуштун ж-а эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. А.-п. т. ишин адептик тарбия м-н эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.
'''АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ''' – Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык  сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор жана башкалар жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.
[[Категория:1-Том]]

09:54, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ – Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор жана башкалар жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.