АРИФМЕТИКА: нускалардын айырмасы
imported>Dilde No edit summary |
imported>Gulira No edit summary |

| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АРИФМЕТИКА''' (гр. arithmetike, arithmos - сан) – сандар | '''АРИФМЕТИКА''' (гр. arithmetike, arithmos - сан) – сандар жанa сан көптүктөрү менен жүргүзүлгөн амалдар жөнүндөгү илим; ''математиканын'' бир бөлүмү. Арифметика сан түшүнүгүнүн пайда болушу, эсептөөлөрдүн ыкмалары жанa каражаттары жонундө, табияттагы ар кайсы эсептөө системалары менен жүргүзүлүүчү амалдарды изилдөө, сандардын касиеттери жанa сан көптүктөрүнүн түзүлүшүнүн аксиомалык анализи жонундөгү окуу. Саноо маданияты биздин доорго жеткен математикалык кол жазмалардан алда канча мурда пайда болгон. Эң алгачкылары болуп Кахундук (Египет) жана атактуу Ринддин (математикалык папирустар) папирустары эсептелет. Алар биздин заманга чейин 2000-жылга туура келет. Арифметиканын кийинки өнүгүшү Байыркы Египет менен байланыштуу. Арифметика Байыркы Грекияда өзгөчө логистика деп аталуучу илим катары берилген. Байыркы грек математиги Евклид (биздин заманга чейин III кылым) өзүнүн 7-9–«Башталыштар» китептерин толугу менен Арифметикага арнап, аларда биринчи жолу эң чоң жалпы бөлүүчүнү табуу алгоритми жанa жөнөкөй сандар жөнүндөгү теоремалар орун алган. Арифметика жанa эсептөөнүн ондук системасы жөнүндөгү окуу Кытай, Индия математиктеринин эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Индия математикасы арабдарда, Азия менен Европада Арифметика илиминин өнүгүшүнө түрткү берген. Биздин доордун IX кылымында Мухаммед аль-Хорезминин Арифметика жөнүндөгү трактаты, индустардын санды ондук системада жазышы, аларды кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү, квадраттык тамырдан чыгаруу ыкмаларын кеңири жайылтууга түрткү болгон. Арифметиканы байыртадан бери эле кыргыздар да жашоо-тиричилигинде пайдаланып келишкен.
''Ад.:'' История математики. Т.1-3. М., 1970-1972; ''Ван''дер Варден.'' Пробуждающаяся наука. М., 1959.'' Энциклопедия элементарной математики, кн. 1. Арифметика. М. -Л., 1951.

дер Варден.'' Пробуждающаяся наука. М., 1959.'' | |||
Энциклопедия элементарной математики, | |||
А А ''Чекеев, С. С. Токсонбаев | А. А ''Чекеев, С. С. Токсонбаев.'' | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
04:08, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АРИФМЕТИКА (гр. arithmetike, arithmos - сан) – сандар жанa сан көптүктөрү менен жүргүзүлгөн амалдар жөнүндөгү илим; математиканын бир бөлүмү. Арифметика сан түшүнүгүнүн пайда болушу, эсептөөлөрдүн ыкмалары жанa каражаттары жонундө, табияттагы ар кайсы эсептөө системалары менен жүргүзүлүүчү амалдарды изилдөө, сандардын касиеттери жанa сан көптүктөрүнүн түзүлүшүнүн аксиомалык анализи жонундөгү окуу. Саноо маданияты биздин доорго жеткен математикалык кол жазмалардан алда канча мурда пайда болгон. Эң алгачкылары болуп Кахундук (Египет) жана атактуу Ринддин (математикалык папирустар) папирустары эсептелет. Алар биздин заманга чейин 2000-жылга туура келет. Арифметиканын кийинки өнүгүшү Байыркы Египет менен байланыштуу. Арифметика Байыркы Грекияда өзгөчө логистика деп аталуучу илим катары берилген. Байыркы грек математиги Евклид (биздин заманга чейин III кылым) өзүнүн 7-9–«Башталыштар» китептерин толугу менен Арифметикага арнап, аларда биринчи жолу эң чоң жалпы бөлүүчүнү табуу алгоритми жанa жөнөкөй сандар жөнүндөгү теоремалар орун алган. Арифметика жанa эсептөөнүн ондук системасы жөнүндөгү окуу Кытай, Индия математиктеринин эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Индия математикасы арабдарда, Азия менен Европада Арифметика илиминин өнүгүшүнө түрткү берген. Биздин доордун IX кылымында Мухаммед аль-Хорезминин Арифметика жөнүндөгү трактаты, индустардын санды ондук системада жазышы, аларды кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү, квадраттык тамырдан чыгаруу ыкмаларын кеңири жайылтууга түрткү болгон. Арифметиканы байыртадан бери эле кыргыздар да жашоо-тиричилигинде пайдаланып келишкен.
Ад.: История математики. Т.1-3. М., 1970-1972; Вандер Варден. Пробуждающаяся наука. М., 1959. Энциклопедия элементарной математики, кн. 1. Арифметика. М. -Л., 1951.
А. А Чекеев, С. С. Токсонбаев.