АРАГОН Луи: нускалардын айырмасы
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Gulira No edit summary |
||
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АРАГОН Луи''' ( | '''АРАГОН Луи''' (03. 10. 1897, Париж – 10. 06. 1982,ошол эле жерде) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1957). Лицейде, андан соң Париж медицина институтунда (1915) окуган. 1-дүйнөлүк согушка (1917) катышкан. Алгачкы ырларында өзү жашаган доорду сындап жазган. Сюрреалист акын катары чыккан. «Фейерверк» (1920), «Ура, Урал», «Жүрөктөгү канжар» (1934), «Эльзанын жанары» (1942), «Паноптикум» (1943) ыр жыйнактары, көптөгөн поэмалары («Кызыл майдан», «Бүтпөгөн роман», «Эльзага», «Акындар»), «Накта өлүм» (1949), «Калк кайраты ташыган жума» (1958) романдар топтомдору <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> «Анри Матис», «Театр-роман» (1974) ж. б. романдары,публ. чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун эстетикалык позициясы «Чыныгы дүйнө» романында ачык байкалат. Ал Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндө эң сонун баян» деген пикирин айткан. | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
05:31, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АРАГОН Луи (03. 10. 1897, Париж – 10. 06. 1982,ошол эле жерде) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1957). Лицейде, андан соң Париж медицина институтунда (1915) окуган. 1-дүйнөлүк согушка (1917) катышкан. Алгачкы ырларында өзү жашаган доорду сындап жазган. Сюрреалист акын катары чыккан. «Фейерверк» (1920), «Ура, Урал», «Жүрөктөгү канжар» (1934), «Эльзанын жанары» (1942), «Паноптикум» (1943) ыр жыйнактары, көптөгөн поэмалары («Кызыл майдан», «Бүтпөгөн роман», «Эльзага», «Акындар»), «Накта өлүм» (1949), «Калк кайраты ташыган жума» (1958) романдар топтомдору жана «Анри Матис», «Театр-роман» (1974) ж. б. романдары,публ. чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун эстетикалык позициясы «Чыныгы дүйнө» романында ачык байкалат. Ал Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндө эң сонун баян» деген пикирин айткан.