АЛЫМСАБАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Gulira
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АЛЫМСАБАК''' – бир темада, ыкмада, бир багытта акындардын биринин оюн экинчиси улап, коштоп айтышы. Алымсабак ''айтыштын'' татаал түрүнө кирет. Айтышуунун бардык ыкмасы, түркүмдөрү кездешип, бүткүл айтышты тутумдап турат. Мында ырчы өз алдынча эркин ырдабастан, айтышты баштаган ырчынын оюн улантып, логикасын, атүгүл ырынын уйкаштыгын бузбай, улам тереңдетип, күчөтүп, кульминациялык чегине жеткизе, атаандашынан калышпай айтышуусу керек. Алымсабак эки, үч, кээде бир топ ырчылардын катышуусу <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> өткөндүктөн, ойду улам жаңылап, корутундулап туруу кийинки ырчыларга жүктөлөт. Aлымсабакта ырчылардын саны чектелбейт, ырлары да ар кылка (бир сап, эки сап, төрт сап, кээси узак) келип, көбүнчө ырчылардын чеберчилигине, ошол учурдагы жагдайга шартталат. Кыргыз акындар поэзиясында Атын көрүнүктүү чеберлери: Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Жаңыбай, Кара Курман, Калык, Барпы, Коргол, Осмонкул, Алымкул ж. б.<br>
'''АЛЫМСАБАК''' – бир темада, ыкмада, бир багытта акындардын биринин оюн экинчиси улап, коштоп айтышы. Алымсабак ''айтыштын'' татаал түрүнө кирет. Айтышуунун бардык ыкмасы, түркүмдөрү кездешип, бүткүл айтышты тутумдап турат. Мында ырчы өз алдынча эркин ырдабастан, айтышты баштаган ырчынын оюн улантып, логикасын, ал эмес ырынын уйкаштыгын бузбай, улам тереңдетип, күчөтүп, кульминациялык чегине жеткизе, атаандашынан калышпай айтышуусу керек. Алымсабак эки, үч, кээде бир топ ырчылардын катышуусу <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> өткөндүктөн, ойду улам жаңылап, корутундулап туруу кийинки ырчыларга жүктөлөт. Aлымсабакта ырчылардын саны чектелбейт, ырлары да ар кылка (бир сап, эки сап, төрт сап, кээси узак) келип, көбүнчө ырчылардын чеберчилигине, ошол учурдагы жагдайга шартталат. Кыргыз акындар поэзиясында алымсабактын көрүнүктүү чеберлери: Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Жаңыбай, Кара Курман, Калык, Барпы, Коргол, Осмонкул, Алымкул жана башкалар.<br>
[[Категория:1-Том]]

07:56, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

АЛЫМСАБАК – бир темада, ыкмада, бир багытта акындардын биринин оюн экинчиси улап, коштоп айтышы. Алымсабак айтыштын татаал түрүнө кирет. Айтышуунун бардык ыкмасы, түркүмдөрү кездешип, бүткүл айтышты тутумдап турат. Мында ырчы өз алдынча эркин ырдабастан, айтышты баштаган ырчынын оюн улантып, логикасын, ал эмес ырынын уйкаштыгын бузбай, улам тереңдетип, күчөтүп, кульминациялык чегине жеткизе, атаандашынан калышпай айтышуусу керек. Алымсабак эки, үч, кээде бир топ ырчылардын катышуусу менен өткөндүктөн, ойду улам жаңылап, корутундулап туруу кийинки ырчыларга жүктөлөт. Aлымсабакта ырчылардын саны чектелбейт, ырлары да ар кылка (бир сап, эки сап, төрт сап, кээси узак) келип, көбүнчө ырчылардын чеберчилигине, ошол учурдагы жагдайга шартталат. Кыргыз акындар поэзиясында алымсабактын көрүнүктүү чеберлери: Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Жаңыбай, Кара Курман, Калык, Барпы, Коргол, Осмонкул, Алымкул жана башкалар.