АК-САЙ - Ат-Башы районундагы суу: нускалардын айырмасы
imported>Roza No edit summary |
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
||
| (5 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АК-САЙ''' ‒ Ат-Башы районундагы суу, Какшаал дарыясынын негизги түзүүчүсү. Ички Теӊир-Тоодогу Ак-Сай өрөөнү аркылуу агат. Узундугу 96 ''км, ''алабынын аянты 7440 ''км''<sup>2</sup>. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, адегенде ‒ Кеӊ-Суу, оӊ тараптан Терек суулары кошулган соӊ, Ак-Сай деп аталат. Ак-Сай өрөөнү аркылуу чыгышка карай агып, Мүдүрүм <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Көк-Кыя суулары кошулуп, Какшаал дарыясын түзөт. Куймалары: Кызыл-Суу, Кош-Кара-Таш, Муздабас, Жол-Богошту (сол), Терек, Текелик, Кулжа-Башы (оӊ). Нугу башынан аягына чейин дээрлик кенен (100‒1000 ''м''), суусу салаалап жай агат. Июль, август айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 9,3 ''м''<sup>3</sup>''/сек; ''эӊ көбү ‒ 20,5 ''м''<sup>3</sup>''/сек, ''эӊ азы ‒ 3,26''м''<sup>3</sup>''/сек. ''Алабында жалпы аянты 120,9 ''км''<sup>2</sup> келген 93 мөӊгү бар. Боюнда Тармал-Саз кыштагы жайгашкан. <br> | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
02:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
АК-САЙ ‒ Ат-Башы районундагы суу, Какшаал дарыясынын негизги түзүүчүсү. Ички Теӊир-Тоодогу Ак-Сай өрөөнү аркылуу агат. Узундугу 96 км, алабынын аянты 7440 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, адегенде ‒ Кеӊ-Суу, оӊ тараптан Терек суулары кошулган соӊ, Ак-Сай деп аталат. Ак-Сай өрөөнү аркылуу чыгышка карай агып, Мүдүрүм жана Көк-Кыя суулары кошулуп, Какшаал дарыясын түзөт. Куймалары: Кызыл-Суу, Кош-Кара-Таш, Муздабас, Жол-Богошту (сол), Терек, Текелик, Кулжа-Башы (оӊ). Нугу башынан аягына чейин дээрлик кенен (100‒1000 м), суусу салаалап жай агат. Июль, август айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 9,3 м3/сек; эӊ көбү ‒ 20,5 м3/сек, эӊ азы ‒ 3,26м3/сек. Алабында жалпы аянты 120,9 км2 келген 93 мөӊгү бар. Боюнда Тармал-Саз кыштагы жайгашкан.