АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: clean up, replaced: м‑н → менен, ж‑а → жана (4))
imported>Gulira
No edit summary

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ''' – КРдин Конституциясында каралган, жогорку юрид. күчкө ээ экол. укуктун негизги жоболору. КРдин Конституциясы б‑ча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, о. эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарын жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамдын эркиндиктери жана укуктары, табият ресурстарын туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экол. коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. КРдин Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамл. саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. А.-ч. к. к. н. КРдин айлана‑чөйрөнү коргоо ж‑дөгү, экол. экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атменены коргоо ж‑дөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.
'''АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ''' – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) жана башка нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.

''А. Чоров.''

''А. Чоров.''

[[Категория:1-Том]]

08:01, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) жана башка нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.

А. Чоров.