АЖЫРАШ АЯК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kerimova-59
No edit summary
imported>Lera
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АЖЫРАШ АЯК''' – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак&#8209;ашын берип, коштошуп кетүү салты. А. берип жаткан киши алар м&#8209;н кошуна турган мезгилде өөдө&#8209;төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. А. берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. А. бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсеп­тегендик, а түгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында А. берүү салты сакталып калган.<br>
'''АЖЫРАШ АЯК''' – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. Ажыраш аяк  берип жаткан киши алар <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> кошуна турган мезгилде өйдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. Ажыраш аяк  берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. Ажыраш аяк бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, атүгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында ажыраш аяк  берүү салты сакталып калган.<br>
[[Категория:1-Том]]

10:54, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

АЖЫРАШ АЯК – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. Ажыраш аяк берип жаткан киши алар менен кошуна турган мезгилде өйдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. Ажыраш аяк берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. Ажыраш аяк бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, атүгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында ажыраш аяк берүү салты сакталып калган.