АЖЫБЕК датка: нускалардын айырмасы
imported>Kerimova-59 No edit summary |
imported>Турганбаев Элебай No edit summary |

| (7 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЖЫБЕК''', '''Алчикен уулу Ажыбек датка''' (болжол менен 1770–1780, [[Талас өрөөнү]] – болжол менен 1840, ошол эле жерде) – Талас өрөөнүнүн башкаруучусу, [[датка]]. [[Саруу]] уруусунун алакчын уругунан. Атасы Алчикен айтылуу баатыр, эл башкарган адам болгон. Ажыбек азыркы [[Кара‑Буура]] районундагы [[Бакайыр]], [[Үч‑Коргон]] (ошол мезгилде 2 коргонун Ажыбек датка уулу Нурак менен 1820‑жылы [[Олуя‑Ата]]дан 18 ''км'' аралыкта курдурган, дагы бирин Эшенжан кожо салдырган) аймактарын жердеген. Жубайы [[кушчу]] уруусунун бийи [[Кубат]] бийдин карындашы Аксуусардан эки уул, бир кыздуу (Кудаяр, Нурак жана Акканыш) болгон. [[Кокон хандыгы]]нын өкүмдары [[Мадалы хан]] (1822–1841) менен алакада болгон. 1838‑жылы 1‑июлда Ажыбекке датка даражасы ыйгарылган. Анын айылында ''Шераалы'' 35 жылдай жашырынып жашап келген. Мадали хан Шераалыны бир нече ирет Коконго чакырып, келтире албагандыктан, буга Ажыбекти күнөөлөп, 1839–1840‑жылдары Ажыбектин уулу Кудаярды, кийинчерээк анын өзүн Олуя‑Атага алдырып келип өлтүрткөн. Ажыбектин уулу Нурак туугандары менен [[Чүй]]гө көчүп келип, бир жылдан кийин кайра Таласка кайтып барган (ал дагы кийинчерээк өлтүрүлгөн). Кокон ханы (1844–58; 1862–1863; 1866–1875) [[Кудаяр]]дын буйругу боюнча анын атынан [[Ташкент]]тин [[бектер беги]] Нармат (Нармухаммед) [[парваначы]] тарабынан Ажыбектин небереси Нурактын уулу Кыдыраалы (1835-1899‑жылдар жашаган) 1849‑жылы 1‑декабрда атасынын ордуна [[бий]] жана «туу сактагыч» болуп дайындалган. Кыдыраалынын бул даражасы кийин 1858‑жылы [[Мала хан]]дын (1858–1862) жарнамасы менен ырасталган. [[Россия империясы]]нын доорундо ал Алакчын жана Үч‑Коргон волостторуна (''болуштугу'') башчылыкка шайланат. Ажыбектин чөбөрөсү Эшенкул ажы Кыдыраалы уулу (1863–1933‑жылдарда жашаган) да волость башчысы болуп шайланган абройлуу адам болгон. Ажыбектин образы Масалбек Кадыралы уулунун «Ажыбек датка» дастанында чагылдырылган.
Д. ''Сапаралиев.''

[[Категория:1-Том]] | |||
10:56, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АЖЫБЕК, Алчикен уулу Ажыбек датка (болжол менен 1770–1780, Талас өрөөнү – болжол менен 1840, ошол эле жерде) – Талас өрөөнүнүн башкаруучусу, датка. Саруу уруусунун алакчын уругунан. Атасы Алчикен айтылуу баатыр, эл башкарган адам болгон. Ажыбек азыркы Кара‑Буура районундагы Бакайыр, Үч‑Коргон (ошол мезгилде 2 коргонун Ажыбек датка уулу Нурак менен 1820‑жылы Олуя‑Атадан 18 км аралыкта курдурган, дагы бирин Эшенжан кожо салдырган) аймактарын жердеген. Жубайы кушчу уруусунун бийи Кубат бийдин карындашы Аксуусардан эки уул, бир кыздуу (Кудаяр, Нурак жана Акканыш) болгон. Кокон хандыгынын өкүмдары Мадалы хан (1822–1841) менен алакада болгон. 1838‑жылы 1‑июлда Ажыбекке датка даражасы ыйгарылган. Анын айылында Шераалы 35 жылдай жашырынып жашап келген. Мадали хан Шераалыны бир нече ирет Коконго чакырып, келтире албагандыктан, буга Ажыбекти күнөөлөп, 1839–1840‑жылдары Ажыбектин уулу Кудаярды, кийинчерээк анын өзүн Олуя‑Атага алдырып келип өлтүрткөн. Ажыбектин уулу Нурак туугандары менен Чүйгө көчүп келип, бир жылдан кийин кайра Таласка кайтып барган (ал дагы кийинчерээк өлтүрүлгөн). Кокон ханы (1844–58; 1862–1863; 1866–1875) Кудаярдын буйругу боюнча анын атынан Ташкенттин бектер беги Нармат (Нармухаммед) парваначы тарабынан Ажыбектин небереси Нурактын уулу Кыдыраалы (1835-1899‑жылдар жашаган) 1849‑жылы 1‑декабрда атасынын ордуна бий жана «туу сактагыч» болуп дайындалган. Кыдыраалынын бул даражасы кийин 1858‑жылы Мала хандын (1858–1862) жарнамасы менен ырасталган. Россия империясынын доорундо ал Алакчын жана Үч‑Коргон волостторуна (болуштугу) башчылыкка шайланат. Ажыбектин чөбөрөсү Эшенкул ажы Кыдыраалы уулу (1863–1933‑жылдарда жашаган) да волость башчысы болуп шайланган абройлуу адам болгон. Ажыбектин образы Масалбек Кадыралы уулунун «Ажыбек датка» дастанында чагылдырылган.
Д. Сапаралиев.