АДОРНО Теодор: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Lera
No edit summary
imported>Gulira
No edit summary

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АДОРНО''' Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу жанa композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык маданият индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу жөнүндө маанилүү ойлорду айткан. XX кылымдын 20‑жылдарынан баштап Франкфурт багытына ооп, коом жөнүндөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалек­тикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европа­нын агартуучулугу, маданияты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
''Т. Эсенгелдиев.''
'''АДОРНО''' '''Теодор''' (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу жанa композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык маданият индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу жөнүндө маанилүү ойлорду айткан. XX кылымдын 20‑жылдарынан баштап Франкфурт багытына ооп, коом жөнүндөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалек­тикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европа­нын агартуучулугу, маданияты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
''Т. Эсенгелдиев.''

[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

03:24, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

АДОРНО Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу жанa композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык маданият индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу жөнүндө маанилүү ойлорду айткан. XX кылымдын 20‑жылдарынан баштап Франкфурт багытына ооп, коом жөнүндөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалек­тикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европа­нын агартуучулугу, маданияты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
Т. Эсенгелдиев.