АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
imported>Gulira
No edit summary
 
(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
дарылануу га ж-а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булагы. Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деӊиз деӊг. 2500 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү. 1976-ж. бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геол. маалымат алынган. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тоотектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып, кеӊдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түн. канатында гы тектон. жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2‒ 0,1‒ 0,2 ''г/л''ге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 ''л/сек,'' булактыкы ‒ 0,2 ''л/сек'', аз минералдашкан. Курамы хлорит-гидрокарбонат-натрий-кальций лүү. Сууну ичүү жолу м-н ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарылоого болот.
'''АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ''' дарыланууга <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булагы. Ош облусунун Кара-Суу районунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деӊиз деӊгээлинен 2500 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1976-жылы  бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геологиялык маалымат алынган. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тоо тектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып, кеӊдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түндүк канатындагы тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2‒ 0,1‒0,2 ''г/л''ге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 ''л/сек,'' булактыкы ‒ 0,2 ''л/сек'', аз минералдашкан. Курамы хлорит-гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү. Сууну ичүү жолу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарылоого болот.
[[Категория:1-Том]]

04:27, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булагы. Ош облусунун Кара-Суу районунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деӊиз деӊгээлинен 2500 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1976-жылы бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геологиялык маалымат алынган. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тоо тектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып, кеӊдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түндүк канатындагы тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2‒ 0,1‒0,2 г/лге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 л/сек, булактыкы ‒ 0,2 л/сек, аз минералдашкан. Курамы хлорит-гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү. Сууну ичүү жолу менен ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарылоого болот.