«АЧЫК БАРАК» («ОТКРЫТЫЙ ЛИСТ»): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Батма
No edit summary
imported>Kadyrm
м (→‎top: clean up)
 
2 сап: 2 сап:


''К. Табалдиев.''<br>
''К. Табалдиев.''<br>
[[Категория:1-Том]]

10:22, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

«АЧЫК БАРАК» ‒ КРдин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамына ылайык, археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн археолог-адиске берилүүчү расмий документ. КР УИАнын Тарых институту тарабынан берилип, Маданият министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. «Ачык барактын» төрт түрү бар: 1) археологиялык эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет; 2) археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана айрым гана эстеликти изилдөөгө укук берет; 3) археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет; 4) курулуш иштери же жана башка себептер менен бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археологиялык казуу мезгилинде табылган буюмдар мамлекеттик музейге өткөрүлөт. Кыргызстандан башка жакка алып кетүүгө тыюу салынган. «Ачык барак» албаса, археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

К. Табалдиев.