ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ</b> Ички Теңир-Тоо­до. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз | <b type='title'>ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ</b> Ички Теңир-Тоо­до. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз жана Нарын райондорунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытта 130 <i>км</i> узундукка созу­лат, туурасы 20 <i>км</i>. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Ала-Тоо, чыгышынан Ак-Шый­рак кырка тоосу, түштүгүнөн жана түштүк-чыгы­шынан Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыр-Ко­рум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600–3600 <i>м</i>. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000–1300 <i>м</i> көтөрүңкү. Батыш жагы анча ке­нен эмес, бара-бара кууштап, Кашка-Суу жана Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта | ||
[[File:ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ34.png | thumb | none]]<i>Чоң Нарын капчыгайына</i> өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 <i>км</i>ге чейин же­тет. Чыгышын Кыргоо | [[File:ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ34.png | thumb | none]]<i>Чоң Нарын капчыгайына</i> өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 <i>км</i>ге чейин же­тет. Чыгышын Кыргоо жана Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары <i>Тарагай өрөөнүнө</i> жана Кара-Сай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Ара-Бел – Кум-Төр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш жана ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Ча­кыр-Корум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү тоо каптал­дары майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн та­манына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча би­йик эмес кырлар, дөбөлөр менен алмашат. Өрөөн­дүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен жана неогендин кум-шагылдарынан турат. Каптал беттери тө­мөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит жана башка интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Кли­маты кескин континенттик, январдын орточо температурасы –19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан­-чачыны 300 <i>мм</i>. Өрөөндө альп шалбаасы, шал­баалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр менен алмашат. Тоо кырларына нивалдык-гля­циалдык ландшафт мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Кара-Сай жана башка кыштоолор бар. Барс­коон – Ак-Шыйрак автомобиль жолу өтөт. | ||
байыркы морена кырлары <i>Тарагай өрөөнүнө</i> | |||
Ад.: <i>Чупахин В. М.</i> Физическая география Тянь- Шаня. А.-А., 1964; Бассейн реки Нарын. Ф., 1970; <i>Койчиев М.</i> Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү очерктер. Ф., 1975. | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
05:52, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз жана Нарын райондорунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытта 130 км узундукка созулат, туурасы 20 км. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Ала-Тоо, чыгышынан Ак-Шыйрак кырка тоосу, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыр-Корум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600–3600 м. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000–1300 м көтөрүңкү. Батыш жагы анча кенен эмес, бара-бара кууштап, Кашка-Суу жана Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта

Чоң Нарын капчыгайына өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 кмге чейин жетет. Чыгышын Кыргоо жана Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары Тарагай өрөөнүнө жана Кара-Сай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Ара-Бел – Кум-Төр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш жана ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Чакыр-Корум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү тоо капталдары майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча бийик эмес кырлар, дөбөлөр менен алмашат. Өрөөндүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен жана неогендин кум-шагылдарынан турат. Каптал беттери төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит жана башка интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Климаты кескин континенттик, январдын орточо температурасы –19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Өрөөндө альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр менен алмашат. Тоо кырларына нивалдык-гляциалдык ландшафт мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Кара-Сай жана башка кыштоолор бар. Барскоон – Ак-Шыйрак автомобиль жолу өтөт.
Ад.: Чупахин В. М. Физическая география Тянь- Шаня. А.-А., 1964; Бассейн реки Нарын. Ф., 1970; Койчиев М. Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү очерктер. Ф., 1975.