ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ</b> – Жер шарынын бел­гилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган уба­кыт. Ал <i>жылдыз убакыты</i> (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орточо күн убакыты болуп айырмаланат. Жергиликтүү убакыт ошол жердин географиялык узун­дугуна байланыштуу | <b type='title'>ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ</b> – Жер шарынын бел­гилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган уба­кыт. Ал <i>жылдыз убакыты</i> (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орточо күн убакыты болуп айырмаланат. Жергиликтүү убакыт ошол жердин географиялык узун­дугуна байланыштуу жана меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин жергиликтүү убакытынын айырмасы ошол жердеги меридиан­дардын айырмасы менен өлчөнөт. Жергиликтүү убакыт ошол жер­деги астрономиялык байкоолордун негизинде (Күн саат­тары аркылуу) аныкталат. Жергиликтүү убакыт мурда тири­чиликте кеңири колдонулса, 19-кылымдан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы менен алмаш­тырыла баштаган. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
03:40, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ – Жер шарынын белгилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган убакыт. Ал жылдыз убакыты (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орточо күн убакыты болуп айырмаланат. Жергиликтүү убакыт ошол жердин географиялык узундугуна байланыштуу жана меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин жергиликтүү убакытынын айырмасы ошол жердеги меридиандардын айырмасы менен өлчөнөт. Жергиликтүү убакыт ошол жердеги астрономиялык байкоолордун негизинде (Күн сааттары аркылуу) аныкталат. Жергиликтүү убакыт мурда тиричиликте кеңири колдонулса, 19-кылымдан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы менен алмаштырыла баштаган.