БАРСКОН АШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Белги: New redirect
 
(Removed redirect to БАРСКООН АШУУСУ)
 
1 сап: 1 сап:
#REDIRECT [[БАРСКООН АШУУСУ]]
'''БАРСКООН АШУУСУ ''' Тескей Ала-Тоонун борбордук бөлүгүндө. Барскоон суусу менен Ара-Бел ойдуӊунун башында, деӊиз деӊгээлинен 3756 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Ашуунун белинде гранит жана акиташ тектери жатат. Айланасында 4386–4512 ''м'' бийиктиктеги чокулар, мөӊгүлөр бар. Түндүк капталы тик жана кыска, түштүк капталы жапыз жана айдөөш, акырындык менен сыртка өтөт. Ашуунун чарбачылыкта мааниси чоӊ. Ички Теӊир-Тоонун сырттарын Ысык-Көл өрөөнү менен байланыштырат. Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кум -Төр алтын кенине барчу автомобиль жолу жана жогорку вольттуу электр линиясы өтөт.
[[Category: 2-том]]

10:44, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

БАРСКООН АШУУСУ Тескей Ала-Тоонун борбордук бөлүгүндө. Барскоон суусу менен Ара-Бел ойдуӊунун башында, деӊиз деӊгээлинен 3756 м бийиктикте жайгашкан. Ашуунун белинде гранит жана акиташ тектери жатат. Айланасында 4386–4512 м бийиктиктеги чокулар, мөӊгүлөр бар. Түндүк капталы тик жана кыска, түштүк капталы жапыз жана айдөөш, акырындык менен сыртка өтөт. Ашуунун чарбачылыкта мааниси чоӊ. Ички Теӊир-Тоонун сырттарын Ысык-Көл өрөөнү менен байланыштырат. Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кум -Төр алтын кенине барчу автомобиль жолу жана жогорку вольттуу электр линиясы өтөт.