КЕНДИРБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЕНДИРБАЕВ</b> '''Эшмуканбет''' (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка&shy;чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш&shy;тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш&shy;пек шаарларында ревкомдун төрагасы, <i>Кара Кыргыз автономиялуу облусунун</i> жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай&shy;ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел&shy;ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оору&shy;кана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп ку&shy;рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын&shy;ган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институ&shy;тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал&shy;ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй&shy;рулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.
<b type='title'>КЕНДИРБАЕВ</b> '''Эшмуканбет''' (айрым маалыматтарда Ишмухамед) [1890, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу]] (азыркы [[Ысык-Көл]]) облусу, [[Барскоон]] болуштугу (азыркы [[Жети-Өгүз району]]), [[Төрткүл айылы]] 23. 04. 1938, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Фрунзе шаары]]] [[Кыргызстан]]да [[Совет бийлиги]]н орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1904–1907-жылдары бир тууган таякесинин колунда тарбияланып, кийин [[Каракол]]до бөлүм башчысынын атын баккан жана анын жардамы менен 1914-жылы Каракол жогорку мектебин артыкча бүтүргөн. Кийин [[Пржевальск]] уездинин 2-бөлүмүндө соттун тилмечи болуп, 1918-жылы [[Түркстан]] БКнын тапшырмасы боюнча Р. [[Маречек]] менен бирге (кара: [[Үркүн]]) [[Кытай]]га ка­чып, кайра келген [[кыргыздар]]ды мекенине жайгаш­тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Ошол эле жылы [[большевиктер]] партиясына кабыл алынып, 1918–1921-жылдары Жети-Суу облаткомунун төрагасынын орун басары, уезддик ички иштер бөлүмүнүн башчысы, кыргыз качкындарын кайтарып келүү боюнча Каракол комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. 1919–1920-жылдары Верныйдагы мусулмандар съезди жана Бүткүл кыргыздардын Олуя-Атадагы съездине делегат болуп шайланган. Түркстан БКнын чечими менен 1921-жылы [[Фергана]]дагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай­ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел­ген. Анын демилгеси менен [[Тамга]] кыштагында оору­кана бөлүмү, Барскоон кыштагында орто мектеп ку­рулган. 1926–1932-жылдары партиянын Каракол уезддик шааркомунун жооптуу катчысы, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жер комиссиясынын төрагасы, административдик жана юридикалык бөлүмдүн башчысы, [[Кара Кыргыз автономиялуу облусу]]нун жер иштетүү боюнча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. [[Кара Калпак АССРи]] түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын­ган. 1936-жылы [[Ташкент]] шаарындагы пахта өстүрүү институ­тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал­ган жалаа менен камакка алынып, архив маалыматтарында 1938-жылы 23-апрелде «жүрөк оорусунан» көз жумганы айтылат. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган. Э. Кендирбаевдин ысымы өзү туулган айылдагы орто мектепке берилип, кыргыздын тунгуч интеллигенциясынын өкүлү катары 100-жылдык юбилейи салтанаттуу белгиленген.
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

02:00, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (айрым маалыматтарда Ишмухамед) [1890, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Барскоон болуштугу (азыркы Жети-Өгүз району), Төрткүл айылы – 23. 04. 1938, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1904–1907-жылдары бир тууган таякесинин колунда тарбияланып, кийин Караколдо бөлүм башчысынын атын баккан жана анын жардамы менен 1914-жылы Каракол жогорку мектебин артыкча бүтүргөн. Кийин Пржевальск уездинин 2-бөлүмүндө соттун тилмечи болуп, 1918-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы боюнча Р. Маречек менен бирге (кара: Үркүн) Кытайга ка­чып, кайра келген кыргыздарды мекенине жайгаш­тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Ошол эле жылы большевиктер партиясына кабыл алынып, 1918–1921-жылдары Жети-Суу облаткомунун төрагасынын орун басары, уезддик ички иштер бөлүмүнүн башчысы, кыргыз качкындарын кайтарып келүү боюнча Каракол комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. 1919–1920-жылдары Верныйдагы мусулмандар съезди жана Бүткүл кыргыздардын Олуя-Атадагы съездине делегат болуп шайланган. Түркстан БКнын чечими менен 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай­ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел­ген. Анын демилгеси менен Тамга кыштагында оору­кана бөлүмү, Барскоон кыштагында орто мектеп ку­рулган. 1926–1932-жылдары партиянын Каракол уезддик шааркомунун жооптуу катчысы, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жер комиссиясынын төрагасы, административдик жана юридикалык бөлүмдүн башчысы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жер иштетүү боюнча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын­ган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институ­тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал­ган жалаа менен камакка алынып, архив маалыматтарында 1938-жылы 23-апрелде «жүрөк оорусунан» көз жумганы айтылат. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган. Э. Кендирбаевдин ысымы өзү туулган айылдагы орто мектепке берилип, кыргыздын тунгуч интеллигенциясынын өкүлү катары 100-жылдык юбилейи салтанаттуу белгиленген.