КАТАГАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТАГАН</b> – байыркы түрк | <b type='title'>КАТАГАН</b> – байыркы [[түрк уруулары]]нын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки [[Санжыра|сан­жыра]] (мисалы, катагандын хан Турсун) жана эпос­тордогу (катагандын хан [[Кошой]]) кээ бир маа­лыматтарга салыштырып, аларды [[кыргыз эли]] менен тектеш жана байыртадан бери кошуна жа­шап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. [[Абрамзон]] катагандар негизинен аз сан­дуу болуп, [[Чыгыш Түркстан]]дагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн жана [[каада-салт]]ы ([[ат чабыш]], [[улак тартыш]], [[эр эңиш]] ж. б.) да ок­шоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу [[Рашид ад-Дин|Ра­шид ад-Дин]]дин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги [[чекир саяк]] уру­улар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусу­нун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча ([[Тоголок Молдо]]нун санжырасы) [[Эшим хан]] катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө [[Абу-л-Гази]] хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген жана ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсирке­миштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. [[Кыргызстан]]дан тышкары [[Борбордук Азия|Борбордук Ази­я]]нын айрым республикаларында да кезигет. | ||
чендеринде С. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
08:59, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки санжыра (мисалы, катагандын хан Турсун) жана эпостордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маалыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли менен тектеш жана байыртадан бери кошуна жашап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. Абрамзон катагандар негизинен аз сандуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн жана каада-салты (ат чабыш, улак тартыш, эр эңиш ж. б.) да окшоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу Рашид ад-Диндин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги чекир саяк уруулар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусунун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча (Тоголок Молдонун санжырасы) Эшим хан катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө Абу-л-Гази хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген жана ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсиркемиштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. Кыргызстандан тышкары Борбордук Азиянын айрым республикаларында да кезигет.