КРЫМ РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРЫМ РЕСПУБЛИКАСЫ Украинанын курамы­на кирет. Крым ж. а-нда жайгашкан. Аянты 27 миң км2. Калкы 2,6 млн (2006). Адм.-айм. жактан 15 районго, 16 шаарга, 56 шаарчага бө­лүнөт. Борбору–Симферополь ш. Табиятын Крым макаласынан кара. Калкы­нын негизин орустар, украиндер түзөт, о. эле крым татарлары ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 69,2%. Ири шаарлары: Севасто­поль, Симферополь, Керчь. Курорт шаарлары – Ялта, Евпатория, Алупка, Алушта.
Крым Чыгыш Европадагы калк байыртадан эле отурукташкан аймак. Б. з. ч. 2-миң жыл­дыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1- миң жылдыкта таврлар, 8–9-к-дар скифтер оту­рукташкан. Б. з. ч. 480-жыл ченде респ-нын бир бөлүгү Боспор мамлекетине караган. 13-к-да моң­голдор тарабынан басып алынып, Алтын Ордо­го кирген. 1443-ж. Крым хандыгы түзүлүп, ал Осмон империясынын вассалы болгон. 1783-ж. Россия империясына кошулган. К. Р. 1918– 54-ж. РСФСРдин курамына кирген. 1954-жыл­дан Украинанын курамында. 1944-ж. Крым та­тарлары күч менен О. Азияга көчүрүлгөн. 1967-ж. татарлар реабилитацияланып, кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен 1979-ж. күч менен К. Р-нан чыгарылган. 1987-жылдан Крым татар­лары мекенине кайта башташкан. 1988-ж. феде­рация мыйзамы татарлардын Крымда жашоо уку­гун тастыктаган. К. Р. 1992-ж. көз каранды эмес­тикке ээ болуп, республика статусун алган. Жаңы Конституциясы 1998-ж. 23-декабрда ишке кирип, КР Крым Автономия Респ. болуп аталган.
Ө. ж-нын негизги тармактары: тамак-аш (мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, шарап, эфир-май ж. б.), машина куруу (кеме, тамак-аш ө. ж. үчүн жабдуу, приборлор, теле­визор), хим., жеңил. Кен байлыктарынан те­мир, нефть, газ казылып алынат. ГРЭС курул­ган. Мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк, жашылчачы­лык, бакчачылык өнүккөн. Жүгөрү, соя, шалы, күн карама, тамеки, эфир-май өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылы­гы өнүккөн. Чочко, кой асыралат. Негизги порт­тору: Керчь, Феодосия, Ялта.
К.– маанилүү курорттуу аймак. Башкы ку­рорттору: Ялта, Мисхор, Алупка, Симеиз, Гур­зуф, Алушта (Крымдын Түш. жээги), Феодосия, Евпатория.


Ад.: Крымская Республика // Большая Российская энциклопедия, спец. том. Россия. М., 2004.