КРЫМОВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРЫМОВ Николай Петрович [20. 4(2. 5). 1884, Москва–6. 5. 1958, ошол эле жер] – орус пейзажист-живописчиси жана театр сүрөтчүсү, РСФСР эл сүрөтчүсү (1956). СССР сүрөт академиясынын мүчөсү (1949). Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайынан билим алган

(1904–11). «Көгүлтүр роза» көргөзмөсүнүн катышуучусу (1907). Вхутемаст (1920–22) жана
«1905-жылдын эстелиги» сүрөт окуу жайында (1934–39) сабак берген. Ачык колориттүү декоративдүү жалпылашкан бир нече композицияны жараткан («Чагылган», 1908; «Сары сарай», 1909; «Сууга түшкөн аялдар», 1910). К. синтездүү пейзаж-картина жаратып, образдык түзүлүштүн эмоциялуу бирдиктүүлүгүнө жетишкен («Суу», 1926; «Борбордук парктагы таң...», 1937; «Тарустагы жай күнү», 1940). К. МХАТта А. Н. Островскийдин «Жалын жүрөк (1926), «Таланттар жана таазим кылуучулар» (1933), Л. Леоновдун «Унтиловск» (1928) спектаклдерин жасалгалаган.