КРАЙ ТААНУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРАЙ ТААНУУ – жерг. элдин жардамы менен өлкөнүн, адм. же табигый аймактын бир бөлүгүн, калк жашаган жерлердин табиятын, калкын, чарбасын, тарыхын жана мад-тын изилдөө. Ал тармактык (тарыхый, этногр., топонимиялык ж. б.) жана комплекстүү геогр. (коом менен табият кубулуштарынын өз ара байланыштарын изилдейт) деп бөлүнөт. К. т-нун негизги ыкмасы – табигый үлгүлөр (геол., топурак, биол., зоол.) ж. б. б-ча аймак тууралуу маалымат топтоо жана аны иреттештирүү. Край таануучулар табигый аймактарды, тарыхый жана маданий эстеликтерди табуу жана коргоо менен, жаратылыш байлыктарын изилдейт. Кырг-нда К. т. иштери музейлерде, мектептерде кеңири жүргүзүлөт.