«ЗАЙН АЛ-АХБАР»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Created page with "'''«ЗАЙН АЛ-АХБАР»''' («Кабарларды көркөм сүрөттөө») – перс (фарси) тилинде жазылган Гардизинин тарыхый эмгеги. 299 беттен турган кол жазма ар кандай тарыхый, географиялык, этнографиялык мазмундагы 5 бөлүк («табака»), 14 бөлүмдөн («баб») туруп, негизинен исламда...")
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''«ЗАЙН АЛ-АХБАР»''' («Кабарларды көркөм сүрөттөө») – [[перс]] (фарси) тилинде жазылган [[Гардизи]]нин тарыхый эмгеги. 299 беттен турган кол жазма ар кандай тарыхый, географиялык, этнографиялык мазмундагы 5 бөлүк («табака»), 14 бөлүмдөн («баб») туруп, негизинен исламдан мурунку перс шахтары, 423/1032-жылга чейинки [[Мухаммед пайгамбар]] жана [[халиф]]тер, ошондой эле [[арабдар]] басып алган мезгилден 432/1041-жылга чейинки Хорасандын тарыхын камтыйт. Гардизи бул эмгегин жазууда VIII кылымда жашаган ибн Мукаффанын «Руб'ал-дунйа», IX кылымдагы араб географы ибн Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик», X кылымдын авторлору ибн Рустанын «Ал-алак ан-нафиса», Ахмад ас-Салламинин «Tapих фи ахбар вулат Хорасан» сыяктуу ж.б. эмгектерди пайдаланганын эскерет. Гардизинин бул эмгегине В. В. [[Бартольд]] жогору баа берип, аны Хорасан жана [[Мавераннахр]]дын тарыхын окутууда негизги булактардын бири катары эсептеген.
'''«ЗАЙН АЛ-АХБАР»''' («Кабарларды көркөм сүрөттөө») – перс (фарси) тилинде жазылган [[Гардизи]]нин эмгеги. 299 беттен турган кол жазма 1050–1052-жылдары жазылып, ар кандай тарыхый, [[генеология]]лык, [[география]]лык, [[этнография]]лык мазмундагы 5 бөлүк («табака»), 14 бөлүмдөн («баб») туруп, негизинен [[ислам]]дан мурунку перс шахтары, 423/1032-жылга чейинки [[Мухаммед пайгамбар]] жана [[халиф]]тер, ошондой эле [[арабдар]] басып алган мезгилден 432/1041-жылга чейинки Хорасандын тарыхын камтыйт. Гардизи бул эмгегин жазууда VIII кылымда жашаган ибн Мукаффанын «Руб'ал-дунйа», IX кылымдагы араб географы ибн [[Хордадбех]]тин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик», X кылымдын авторлору ибн Рустанын «Ал-алак ан-нафиса», Ахмад ас-Салламинин «Tapих фи ахбар вулат Хорасан» сыяктуу ж.б. эмгектерди пайдаланганын эскерет. Бул эмгекте [[кыргыздар]]дын келип чыгышына байланыштуу [[уламыш]] менен бирге алардын ошол учурдагы мекени, ага баруучу жолдор  тууралуу маалыматтар айтылат. Уламышта [[славян]] (саклаб) уруусунан чыккан бир кол башчы римдиктердин [[элчи]]син өлтүрүп, өз элинен качып чыгат. Алгач ал [[кимактар]] ​​менен [[тогуз огуздар]]га келип кошулган жана алардын ханын өлтүрүп, [[башкырттар]] менен достук мамиле түзгөндөн кийин күч ала баштаган. Ошондон улам ага келип кошулгандар кыргыздар деп аталып калган. Тогуз огуздар аркылуу кыргыздардын өлкөсүнө алып баруучу жолдордо Чинанжкет, Хасан, Нухбек, Кемиз-Арт, Манбек-Лу, Көгмөн сыяктуу ж. б. тоо, жер-суулардын аталыштары кезигет. [[Борбордук Азия]] а. и. [[Кыргызстан]] жана кыргыздардын тарыхын изилдөөдө Гардизинин бул кол жазмасы өтө баалуу булактардын бири болуп саналат. В. В. [[Бартольд]] өз изилдөөлөрүндө ага жогору баа берген.
 
Абу Са<sup>’</sup>ид Гардизи. Зайн ал-ахбар. /Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М., 1939.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

03:37, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

«ЗАЙН АЛ-АХБАР» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») – перс (фарси) тилинде жазылган Гардизинин эмгеги. 299 беттен турган кол жазма 1050–1052-жылдары жазылып, ар кандай тарыхый, генеологиялык, географиялык, этнографиялык мазмундагы 5 бөлүк («табака»), 14 бөлүмдөн («баб») туруп, негизинен исламдан мурунку перс шахтары, 423/1032-жылга чейинки Мухаммед пайгамбар жана халифтер, ошондой эле арабдар басып алган мезгилден 432/1041-жылга чейинки Хорасандын тарыхын камтыйт. Гардизи бул эмгегин жазууда VIII кылымда жашаган ибн Мукаффанын «Руб'ал-дунйа», IX кылымдагы араб географы ибн Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик», X кылымдын авторлору ибн Рустанын «Ал-алак ан-нафиса», Ахмад ас-Салламинин «Tapих фи ахбар вулат Хорасан» сыяктуу ж.б. эмгектерди пайдаланганын эскерет. Бул эмгекте кыргыздардын келип чыгышына байланыштуу уламыш менен бирге алардын ошол учурдагы мекени, ага баруучу жолдор  тууралуу маалыматтар айтылат. Уламышта славян (саклаб) уруусунан чыккан бир кол башчы римдиктердин элчисин өлтүрүп, өз элинен качып чыгат. Алгач ал кимактар ​​менен тогуз огуздарга келип кошулган жана алардын ханын өлтүрүп, башкырттар менен достук мамиле түзгөндөн кийин күч ала баштаган. Ошондон улам ага келип кошулгандар кыргыздар деп аталып калган. Тогуз огуздар аркылуу кыргыздардын өлкөсүнө алып баруучу жолдордо Чинанжкет, Хасан, Нухбек, Кемиз-Арт, Манбек-Лу, Көгмөн сыяктуу ж. б. тоо, жер-суулардын аталыштары кезигет. Борбордук Азия а. и. Кыргызстан жана кыргыздардын тарыхын изилдөөдө Гардизинин бул кол жазмасы өтө баалуу булактардын бири болуп саналат. В. В. Бартольд өз изилдөөлөрүндө ага жогору баа берген.

Абу Саид Гардизи. Зайн ал-ахбар. /Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М., 1939.