КАРТАЮУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРТАЮУ</b> – организмде жашка жараша закон | <b type='title'>КАРТАЮУ</b> – организмде жашка жараша закон ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. Картаюуда адамдын териси жукарып, бырыш кирип, чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы ж. б. өзгөрөт. Түрдүү ички ж-а сырткы жагымсыз фак­торлор организмди тез картайтат (патологиялык кар­таюу). Физиологиялык картаюунун алгачкы белгилери 60 жаштан кийин пайда боло баштайт. Картаюу процес­си ар кайсы органдар м-н ткандарда ар башка мезгилде жүрөт. Улгайгандарда орган м-н сис­темалардын функциясы акырындап төмөндөйт, көздүн тунук кабыгынын тунаруусу күчөп, <i>ка­таракта</i> пайда болот, көрүү начарлайт, кулак каңырыштайт. Көкүрөк деформацияга учурайт (кифоз). Булчуңдардын күчү начарлап, нерв, жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүүлөр бай­калат. Борбордук нерв системасынын атеросклеро­зунан болгон өзгөрүүлөрү акыл-эстин, мээнин начарлашына алып келет. <i>Кан басымы</i> бир аз жогорулайт, жүрөктүн кагуусу жайлайт. Улгай­ган сайын тамак сиңирүүчү ферменттердин ак­тивдүүлүгү, май, амин кислоталарын, глюкозаны сиңирүү начарлап, боор иши төмөндөйт. Тиш­тер саргарып, түшөт. Аялда <i>этек кир</i> токтойт, эркекте <i>сперматозоиддерди</i> чыгаруу начарлайт. Муунда кыймыл азайып, <i>остеопороз, остеохон­дроз</i> пайда болот. Картаюуну ар түрдүү өнөкөт оору­лар да тездетет. Ошондуктан оорулардын алдын алуу эрте картаюуну кечеңдетет. Картаюунун өөрчүшүндө <i>тукум куугучтук</i> чоң мааниге ээ. Жашы өткөн адамдарга гимнастика, туура тамактануу маа­нилүү, себеби анда энергия азыраак жумшалып, зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан фермент­тик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек. | ||
ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. | |||
чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы ж. б. | |||
өзгөрөт. Түрдүү ички ж-а сырткы жагымсыз фак­торлор организмди тез картайтат ( | |||
зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан фермент­тик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
07:50, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КАРТАЮУ – организмде жашка жараша закон ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. Картаюуда адамдын териси жукарып, бырыш кирип, чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы ж. б. өзгөрөт. Түрдүү ички ж-а сырткы жагымсыз факторлор организмди тез картайтат (патологиялык картаюу). Физиологиялык картаюунун алгачкы белгилери 60 жаштан кийин пайда боло баштайт. Картаюу процесси ар кайсы органдар м-н ткандарда ар башка мезгилде жүрөт. Улгайгандарда орган м-н системалардын функциясы акырындап төмөндөйт, көздүн тунук кабыгынын тунаруусу күчөп, катаракта пайда болот, көрүү начарлайт, кулак каңырыштайт. Көкүрөк деформацияга учурайт (кифоз). Булчуңдардын күчү начарлап, нерв, жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүүлөр байкалат. Борбордук нерв системасынын атеросклерозунан болгон өзгөрүүлөрү акыл-эстин, мээнин начарлашына алып келет. Кан басымы бир аз жогорулайт, жүрөктүн кагуусу жайлайт. Улгайган сайын тамак сиңирүүчү ферменттердин активдүүлүгү, май, амин кислоталарын, глюкозаны сиңирүү начарлап, боор иши төмөндөйт. Тиштер саргарып, түшөт. Аялда этек кир токтойт, эркекте сперматозоиддерди чыгаруу начарлайт. Муунда кыймыл азайып, остеопороз, остеохондроз пайда болот. Картаюуну ар түрдүү өнөкөт оорулар да тездетет. Ошондуктан оорулардын алдын алуу эрте картаюуну кечеңдетет. Картаюунун өөрчүшүндө тукум куугучтук чоң мааниге ээ. Жашы өткөн адамдарга гимнастика, туура тамактануу маанилүү, себеби анда энергия азыраак жумшалып, зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан ферменттик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек.